Россияда кыргыз мигранты көпүрөдөн кулап каза болду
Жакында эле Москва - Санкт-Петербург жолунун боюндагы көпүрөнүн алдында сөөгү жаткан кыргызстандык жигиттин өздүгү жана кантип каза болгону ачыкталды.
Буга чейин маркумдун денесиндеги жаракаттан улам каза болгондугу, анын киши колдуу болгону тууралуу божомолдор бар болчу.
Ал эми соттук медициналык экспертиза жигиттин бийиктиктен кулап каза тапканын айтышты.
Бул ишти Тосно шаарындагы укук коргоо органдары иликтеп жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маркум Ысык-Көл облусунун 43 жаштагы тургуну, сөөгү учак аркылуу эртең, 27-ноябрда мекенине жиберилет.
24-ноябрда бир катар маалымат каражаттары киши колдуу болгон жаран жөнүндө жазып, ал айдоочулук кылып жүргөн мигрант экенин кабарлашкан. Анын сөөгү таңга жуук ээсиз турган «КамАЗга» жакын жерден, көпүрөнүн астынан табылган.
Божомолдорго ылайык каза болгон жигит ошол жердеги көпүрөдөн кулап көз жумган. Ал кокустуктан куладыбы же атайынбы, же кимдир-бирөө түртүп жибердиби азырынча белгисиз.
Aryba.kg