Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Өзүбүздү Түркмөнстандай өлкө катары жарыяласак...”

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Өзүбүздү Түркмөнстандай өлкө катары жарыяласак...”

11-октябрь, 19:30
457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Путин саммитке Кыргызстанга келери айтылып, Россия менен гана өнүгөбүз деген пикирлер арбын жайыла баштады. Бул аргасыздыкпы же зарылчылыкпы?

-Ошолор Россия менен өнүгүп кеткен өлкөлөрдү атап беришсинчи?! Мен батышчыл эместигимди бир эле кыргызстандыктар эмес, Батыштагы атайын кызматтар менен саясатчылар, журналисттер да билишет. Мен мекенчилмин, мекенимди сүйөм! Ошон үчүн “Россия менен гана өнүгө алабыз, анын курамына кайра киришибиз керек!” деп айткандарды “менин идеологиялык душмандарым десем да болот. Керек болсо аларды мен кыргыздын кастары” деп да эсептейм.

-Тышкы саясатта кайсы мамлекеттер менен мамилебизди түздөшүбүз керек?

-Россиянын тышкы саясатын колдосок, анда дагы эле биз анын колониясы экенибизди мойнубузга алгандан башка айла жок болуп калат. Россия Совет империясынын гана эмес, орус падышачылыгынын да мураскери. Аны бир кезде “элдердин түрмөсү”, “Европанын жандармы” деп аташчы. Азыр деле дүйнөлүк оюнчу ордун кайтаргысы бар. Өзүнө каратып алган башка өлкөлөрдүн жерлерине куурчак президенттерин, өкмөттөрүн, парламенттерин коюп алгысы келет...

Жакшы көрөбүзбү, же жаман көрөбүзбү, экономика жактан Кытай, Япония, Түштүк Корея, Түркия, Иран, Араб өлкөлөрү жана Борбор Азиядагы коңшулар менен, керек болсо АКШ жана Европа менен да тыгыз кызматташуу зарыл. Саясый жана дипломатиялык чөйрөдө Түркмөнстандай өзүбүздү бейтарап өлкө катары жарыяласак туура болот.

-Путин Казакстанга Украинадагыдай жагдай жаратпайбы?

-- Жаратышы мүмкүн. Казакстанды карагыла: түндүк алты облустагы сепаратисттер же 5-колонна Украинадагы согуш сценарийин даярдап жатат. Ошондуктан президент Токаев жана Казакстандын мекенчилдери, улутчулдары Россиядан кооптонуп турушат. Казакстан, Өзбекстан же Кыргызстан Украина эмес. Россия бизге кол салса, АКШ, Европа, Азия да бизге аскердик же финансалык жардам беришпейт. 

Бүгүн Борбор Азияга Россия эмес, а Россияга Борбор Азия керек десем жаңылышпайм. Байкасаңар, Борбор Азиянын президенттери Япония, Америка, Германия уюштурган саммиттерге бири калбай баары катышып жатышат. Андан тышкары, Түркия баш болгон түрк мамлекеттердин биримдиги күчөп жатат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер