Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев: “Партиялык система шайлоону соодага айландырууда”

Нарынбек Молдобаев: “Партиялык система шайлоону соодага айландырууда”

07-ноябрь, 09:58
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нарынбек мырза, Кыргызстанга конституциялык реформа жасоонун чын эле зарылчылыгы барбы? Же жаңы келген бийлик “кол ийрисине тартып алуу” үчүн конституциялык реформа жасоого ашыгып жатышабы?

-- 2010-жылы Текебаевдин редакциясы менен кабыл алынган Конституциянын мөөнөтү 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыялаган. Азыр ал Конституцияда бир топ кемчиликтер бар экенин көрүп жатабыз. Ошон үчүн конституциялык реформа керек болуп калды. Анткени, эл өзү Конституцияга реформа кылууну талап кылып, Кыргызстанга 120 депутаттын кереги жок экенин, кичинекей өлкөгө чакан эле парламент болсо жетишерин айтып жатышат. Чынында 120 депутатка орто эсеп менен 1 жарым миллиард сом сарпталат экен. Бул чоң сумма. Маселен, бир жылда мектеп, бала бакча, жолго окшогон капиталдык курулуштарга болгону 2 миллиард сом каралат. Ошон үчүн Конституцияны жана шайлоо системасын өзгөртүш керек. Депутаттарды кайсы жол менен тандоо ыңгайлуу жана пайдалуу экенин чечип, бюджетке күч келтирбей санын азайтышыбыз зарыл.

-- Бирок, партлидерлер бир мандаттуу шайлоого каршы чыгышып, президенттик башкарууну колдобой жатышат го?

-- Партлидерлердин каршы болгонунун да себеби бар. Эгер парламенттик  шайлоого партиялык система менен эмес, бир мандаттуу шайлоо системасы аркылуу барып калсак, анда партиялардын аттары да өчүп, өздөрүнүн авторитеттери да түшүп калганы жатат. Жашырганда эмне, партиялык система менен баратканда ал жерде соода дагы болот. Ошон үчүн аты чыгып калган, тарыхы бар партиялардын лидерлери бир мандаттуу шайлоого каршы чыгышып, президенттик башкарууну каалашпайт.  

-- Жаңы бийликтин конституциялык реформа жасаганга мүмкүнчүлүгү жетчүдөйбү же каршылаштарына туруштук бере албай калышабы? 

-- Менин оюмча, ушундай кыйынчылык маалда кыргыз эли ыдырабай биримдикке келип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакка келишибиз шарт. Бири-бирибизди жерий берсек, абалды оорлотуп, кырдаалды курчутуп алабыз. “Кыргызга сырттан душмандын кереги жок, өзүнөн өткөн душман жок” деген кеп бар. Азыр тиреше бербей, биригишибиз керек. Эл Садыр Жапаровду колдоду. Эми иштешине мүмкүнчүлүк бергенибиз оң. “Ал, бул” дегенибиз менен убакыт баарын ордуна коёт. Кемчиликтер оңолоруна ишенем. Анткени, кыргыз эли азыр үмүт менен гана жашап жатат. Ошол үмүттү өчүрбөй, жакшы күндөн ниет кылып туралы.

-- Садыр Жапаров президенттик шайлоодо Канатбек Исаевге же Адахан Мадумаровго утулуп калбайбы?

-- Мадумаров өзү жактан добуш алат. Бул жактан көп алалбайт. Канатбек Исаев президенттикке аттанса, түндүктүн добушун бөлүп кетет. Президенттик шайлоону утурлай дагы сырткы бир топ оюнчулар кошулат. Кыскасы, президенттик шайлоо көп нерсеге көз каранды болот. Садыр Жапаровго каршы бир топ саясый күчтөр биригип жатышат. Бирок, эл кимге добуш берсе, ошол талапкер утат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер