Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улук Кыдырбаев, “БизЭксперт” аналитикалык борборунун негиздөөчүсү: “Пандемия биздин ишкерлерди да туңгуюкка кептеди”

Улук Кыдырбаев, “БизЭксперт” аналитикалык борборунун негиздөөчүсү: “Пандемия биздин ишкерлерди да туңгуюкка кептеди”

28-май, 11:39
581 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиз жакындан көрүп-билип турдуңуз, пандемия ишкерлерге кандай оорчулук жаратты? 

-- Пандемия учурунда дүйнө жүзүндө болуп жаткандай эле биздин өлкөдө да бир топ чектөөлөр киргизилип, ишкерлер өз жумушун токтотушту. Коронавирустун айынан майда, чакан ишканаларга абдан эле оор болду. Кардарларга кызмат көрсөтө албай кыйналышты. Эми гана өз ишканаларын ачып, кардарларга коопсуз шарт менен кызмат көрсөтө башташты. Бирок карантинден абдан чоң чыгымга учурап, банкрот болуп, же бир туңгуюкка кептелип, оор шартка кабылгандары да жок эмес. Ишкерлик ээлери карантиндин алгачкы күндөрү эле айласы куруп, пайда таппаса да бизнесин сактап калууга жандалбастап жаткандарын айтып чыгып жатышты. Алардын басымдуу бөлүгү муниципалдык жерлерди ижарага алып иштетишкендер. Туризм тармагы өзгөчө жабыркады, ушул тармакта ишсиз калгандар көп. Бул тармак толугу менен токтоп калды. Турпакеттерди, авиабилеттерди саткан компаниялар, андан тышкары мейманканалар, ресторандар да оорчулукка учурады.

Коомдук тамактануучу жайлар да жабылганына байланыштуу бул тармактагы ишкерлер да жоготууларга туш болду. Курулуш тармагы да токтоп калды.  Мисалы, курулуш материалдарын өндүрүү тармагы, курулушта иштегендерди тамак-аш менен камсыз кылуу тармагы ишин токтотуп койду.

Бизде экспорт менен алектенип жаткан компаниялар да кыйналып жаткан учур.  Авиакаттамдар токтоп калганына байланыштуу биздин ишкерлер товарларын экспорттой албай жатышат. Андан сырткары, соода-сатык тармагында иштегендер да кыйналды. Пандемияны тезирээк жеңип, жаралган оорчулуктар эми тез жоюлса деген үмүттөмүн.

-- Өзүңүзгө карантин, коронавирус кандай таасирин тийгизди?

-- Мен үйдөн иштегенге шартым бар. “Өзүмө да кыйын болду” деп айта албайм. Ишти уланттым. Болгону коомчулук менен иштегендер, чет өлкөгө барып келип ишкерчилик кылгандарга оорчулук жаралып калды. 

Гүлжан ТӨРӨБАЕВА
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер