Мэр Балбак Түлөбаевге кошомат кылган Күмөндөр Абыловдун жоругу
Күмөндөр Абылов Facebook баракчасы аркылуу Балбак Түлөбаевге кайрылуу жасады.
"Балбак Түлөбаев иним! Элден калбай мен дагы жаңы кызмат ордуң менен куттуктап, көңүлүмдө жүргөн бир жакшы оюм менен бөлүшкүм келди. Өзүң борбор калаабыздын мэри болгон соң, менин бул оюма (сунушума) кайдыгер карабассың...
Менин оюмча, шаардын чок ортосу менен кеткен темир жолду вокзалы менен, станция, деполору менен чогуу шаардын чекесине – "Дордой" базардан ары, ылдый жакка көчүрөсүңбү (?) дедим эле. Ошондо темир жолдун ордуна автожол болуп, "переезддери" жок, жабык көчөлөр ачылып, даяр көпүрөлөрү, эстакадалары бар жолдор менен автотыгындар азаят беле, шаардын да көркү оңолот беле? Кандай дейсиң?.. Эгерде мен айткандай болсо, Лев Толстой көчөсүнүн боюнда, темир жолдун өйүзүндөгү баптисттердин идеологиясына кызмат кылган опера-балет театрына окшогон чоң маданият сарайынын алды да кеңейип, аны кайсы бир имараты жок жүргөн театрларыбыздын бирине берип, же кинотеатр кылып койсок, ал театр өзүбүздүн идеологияны элге жеткирип турса, кандай гана жакшы иш кылган болор элек! Атаганат! Болбосо ал маданият сарай темир жолдун түбүндө болуп, театр кылууга ыңгайсыз абалда турат. Бул эми менин жеке оюм. А так, "Кинг-Конг акам өзү биледи..." деп жазылат кайрылууда.