Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда Таластагы Жерүй кенинин фабрикасы ачылды

Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда Таластагы Жерүй кенинин фабрикасы ачылды

17-март, 20:06
1 022 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабрикасын ачып, Россиянын лидери бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Садыр Жапаров Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканы ачуу үчүн бүгүн, 17-мартта Таласка барган. Өкмөттүн маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бирок бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук россиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

“Азаттык”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер