Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус жасалма жол менен пайда болгонбу?

Коронавирус жасалма жол менен пайда болгонбу?

30-сентябрь, 21:15
161 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Чжао Лицзянь коронавирус Ухандагы лабораторияда жасалма жол менен пайда болгондугу тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү коронавирустун лабораторияда жасалгандыгы боюнча эч кандай далил жок экенин бир нече жолу айтышкан. Эксперттер да ал жасалма жол менен пайда болгон деген версияга негиз табышкан жок» деди Лицзянь.

Буга чейин америкалык Fox News телеканалы анонимдүү булактарына таянып, коронавирусту алгачкылардан болуп жуктуруп алган адам Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториянын кызматкери болгонун билдирген. Телеканалдын репортажында коронавирус биологиялык курал болбогону, бирок Кытай аны изилдөө менен вирустарды аныктоо жана аларга каршы күрөшүүдө АКШдан алдыга чыгууга аракет кылганы белгиленген.

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер