Акан Иманов, серепчи: “Кыргызстанда кымбатчылык болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкты”

-- Акан мырза, өлкөдөгү жакырчылык, баалардын өсүүсүнө ой-пикириңиз кандай?
-- Кыргызстанда кымбатчылык учурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде турат. Көпчүлүк маалда пенсия жана айлык минималдык керектөөнү да жаппай калууда. Ошондуктан жетишпеген жашоо өкүм сүрүүдө. Монополияга каршы комитет бар, элге бир пайдасы жок. “Бааларды базар көзөмөлдөйт” деген принцип менен иштешип, жарытарлык иш жасашкан жок. Мындай учурда ортомчу соодагерлер эле пайда табышат экен. Мисалы, күзүндө кумшекерди дыйкандар 60 сомдон сатышты. Бирок жеке дүкөндөрдө анын баасы 80 сомдон эле турду. Мында ким пайда табат? Албетте, соодагер. Атайын механизм же өкмөт тараптан чара көрүлүүсү зарыл. Бирок антимонополия ал иште жөндөмсүз экенин көрсөтүүдө. Ошондуктан жетишпеген жашоодо пенсияга чыккан атуулубуз деле андан ары иштен кетпей аракетин көрөт. Кошумча киреше булагы болбосо, курсагы деле ток болбой, жетпеген жашоо уланат.
-- Өнүгүүгө аракеттер барбы?
-- Жакырчылыктан чыгуу багытында долбоорлор аз-аздан иштеп атат. Бирок, жумуш орундары түзүлмөйүн же жеткиликтүү жеңилдетилген насыя болмоюнча, жакырчылыкты жеңүү мүмкүн эмес. Маалымат жеткирүү жагынан жергиликтүү бийлик туура иш алып барып, кулпунай өстүрүү же багбанчылык кылуу сыяктуу долбоорлорду жайылтып, колдоого муктаж топтор менен иш алып барышы керек. Бюджети ири болгон айыл өкмөттөрдө деле жакыр үй-бүлөлөр көп болуп атпайбы. Демек, мыйзам жагынан дагы түзөтүүлөр керек. Айланып келип жоопкерчилик өкмөттө экени талашсыз. Демек, алар ишке аша турган максаттарды коюшу керек. Кагаз менен кат жазышып отурган заманда жашай берсек, алдыга жылуу оңой-олтоң болбойт.
"Азия Ньюс" гезити