Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ажарлуу аял элдин көркү, акылдуу аял эрдин көркү”

“Ажарлуу аял элдин көркү, акылдуу аял эрдин көркү”

07-март, 22:30
528 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп залкар акын Аалы Токомбаев айткандай, бул саам көңүл көтөрчү саамалык болду. ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана облустагы бөлүмдөрү 8-март эл аралык аялдардын майрамына карата жылуу маанай тартуулашты. Аталган мекемеде иштеп, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин энелерине, жубайларына ИИМдин “Мээримдүү айым” жана “Офицердин жубайы” аттуу төш белгилери менен белектер тартууланды. Ошого катар үй-бүлөлөрүнөн кабар алууга да жетишишти. Бала-чакаларына акыл-насаат айтышып, моралдык жактан колдоо көрсөтүштү. Бул иш-чара республиканын баардык аймактарында өткөрүлдү. Мындан сырткары, ардактуу эс алууга чыккан эжекелерге, о.э. катардагы кызмат өтөп жаткан айымдарга министрликтин жана башкармалыктын төш белгилери жана баалуу белектери тапшырылды. “Ажарлуу аял элдин көркү, акылдуу аял эрдин көркү” дегендей, аялзатынын орду жашоодо бийик экенине ынанып турган чагыбыз.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер