Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 100 миллион сомдон ашык каражаттын чыр-чатагы… Максат ажы кутулуп кеттиби?

100 миллион сомдон ашык каражаттын чыр-чатагы… Максат ажы кутулуп кеттиби?

14-апрель, 19:49
535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2021-жылдын 10-февраль күнү Максат ажы Токтомушев УКМК тарабынан камакка алынган. Бирок баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыкканы белгилүү. Ага карата ажылык сапарга чогултулган каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар болгону жарыяланган. Бул боюнча коомчулукта резонанс жаралган эле. Атайын кызмат мындай маалымат тараткан: “УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке мекемелерге 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшагандыгы аныкталды” деп. “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегендей образ жаратканы ушулбу? Себеби, динде насыя берүүгө, сүткорлукка тыюу салынат эмеспи. Карачы, кандай карама-каршылык?! Кызыгы, дал ушул Максат ажыга байланыштуу кылмыш иштин аягы эмне болуп бүттү? Негизи каржылык чыр-чатактар боюнча коомчулукка маалымат берип коюу маанилүү. Муфтияттагыларга, молдолорго өрнөк сабакты көрсөтүү керек да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер