Акыркы кабарлар
» Саясат » Мелис Мырзакматов бийликке ачык каршы чыга албай буулугууда
Мелис Мырзакматов бийликке ачык каршы чыга албай буулугууда
05-апрель, 16:22
439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ош шаардык кеңешинде Мелис Мырзакматов менен Ахматбек Келдибековдун тиреши уланууда. Экөө бет келишип калышса эмне болору белгисиз. Мырзакматов башында бийликтен “добро” алып, жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна аттаныптыр. Ортодон ага Келдибеков бут тосо чыгып, оюндун баарын бузуп атканы кандай? Мындай шартта Мелис бийликке нааразы болгонун тар чөйрөдө жашырбай айтып, кош стандарттуулук катары сыпаттаганы каңкууланды. Же ачык каршы чыга албай, тили кыскарганында бир мандем бар го? Сыягы, “Улуттар Биримдиги” 11-апрелде Ош шаардык кеңешине өтпөй калып, ишпалдасы чыгып, ар кайсы партиялардагы Келдибековдун балдарынан кемсинип калбагай эле...
"Азия Ньюс" гезити