Валимжан Таңырыков: “Садыр Жапаровду эл шайлады, сый-урмат жасайлы”

Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу боюнча окумуштуусу, профессор, отставкадагы полковник Валимжан Таңырыков агабыз быйыл 84 жашта. Валимжан ага менен таң эрте бир стадиондо басабыз. Скандинав таяктары эки колунан түшпөйт, эстутуму жакшы. Кээде кобурашып кетсек, мындан 50-60 жыл мурдагы окуяларды, андагы адамдардын аты-жөнүн буйдалбай айтат. Алгач англис, немис тилинде окуп, кийин араб тилин өз алдынча мыкты деңгээлде өздөштүргөнүн, кезинде көп жылдар бою аскердик котормочулук иште алек болгонун кобурап берет.
-- Валимжан ага, учурда кайсы көйгөйлөр жүрөгүңүздү оорутат?
-- Чек ара көйгөйү, анын ичинде Тажикстан менен чектеш жерлер. Мына ушу маселе эч бир чечилбей атат. Ачык эле айтайын, бийлик башында аскердик машыгууларды өткөрдү, ушул эң чоң ката болду. Машыгуу учурунда артиллерия, бронетранспорттор, танктар ж.б. оор техникалар катышты. Генералдык наамдар берилди. Муну тажиктер көрүп турат да. “Кыргыздар эмне кылып атат? Булардын кара ниети барбы?” деп ойлоду. Мына ошондон кийин башталды. “Головной” деген сууну бөлүштөргөн жерде болгом. Кыргыздын тоосунан түшкөн чоң дарыя келип, “Головнойдон” Кыргызстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга бөлүнөт. Тажиктер атайын даярданышкан экен. Чырды алар башташты. Кол салды, кыйроо болду. Ушу жагы менин оюмча ката да, бул бир. Экинчиси, биздин адеп-ахлактык деградация. Күн сайын интернеттен “өгөй кызын зордуктады, эжеси менен төшөктө... ж.б. токмоктоду, өлтүрүп койду” деген жагымсыз кабарларды окуй берип, зээним кейийт. Кыргыз эли эмне болуп атат? Үчүнчүсү, Кыргызстанда сабатсыз молдокелер пайда болду. Абдан сабатсыз! Ислам дининин негизин түшүнбөгөндөр көбөйдү. Эң кызыгы, биздин аткаминерлер коррупцияга белчесинен батып, мамлекетти тоноп, ичип-жеп бүтүп, анан “мен ажыга барып келдим күнөөм кечирилди” дейт. Ой тобоо! Аны Кудай Таала кечирбейт! Ажыга барып келсең эле ыйык болуп кетесиңби? Катындары деле, эркектери да. Төртүнчүсү, мектептен баштап ЖОЖдорго чейин билим берүү абдан төмөн. Орустар айтмакчы, “ниже плинтуса” дегендей. Университетте сабак берем. Мугалимдер студенттердин көзүн карап калдык. Контрагы маанилүү сыңары. Ушундай маселелерге көп ойлоном.
-- Президентке кандай кеп-кеңешиңиз бар?
-- Биринчиден, Садыр Жапаровду эл шайлады. Өзүнчө эреже-тартип бар, “эл шайлагандан кийин президентти урматташ керек” деген. Ошон үчүн президентке урмат-сый болуш керек, ал деген ажо да. Анан эле бирөө билип, бирөө билбей эле көрүнгөндү сүйлөп атат, ушундай кантип болсун?! Мамлекетти башкаруу оңой маселе эмес, абдан чоң жүк. Садыр Жапаров аракет кылып атат. Балчелек болсо, ошонун айланасына аарылардын баары учуп келет. Ошол сыңары, “учуп келгендер” көп болуп атпайбы. Тегерегине таза кишилерди алышы керек. Кыргызда “Бөрк ал десе баш алат” деген сөз бар. Ысырапкорчулукка карата жарлык чыкты. Ал жерде “мал сойбогула” деген сөз жок экен. Сарамжалдык кылуу, ачылып-чачылбоо маселеси турат. Негизи эле президент айланасындагы адамдарга анализ жасап, тазаланса (!) дейт элем...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити