Акыркы кабарлар
» Коом » Төрт ай ичинде 53 миң баш мал сыртка чыгып кеткен
Төрт ай ичинде 53 миң баш мал сыртка чыгып кеткен
25-март, 19:55


УТРКнын “Диалог” берүүсүндө коңшу өлкөлөрдө уйдун эти 1400 сомго чейин сатылары айтылды. Министр белгилегендей, чет элдиктер өлкөдөн малды арзан ташып кетип жатышат.
“Төрт ай ичинде 53 миң баш мал сыртка чыгып кеткен. Андан биздин ишкерлер пайда көргөн жок”, - деди Эрлист Акунбеков.
Министр 10 кластер түзүү үчүн 1,5 миллиард сом каралып жатканын кошумчалады.










