“Бала спикер” качан чоңоёт? Же Марлен Маматалиевдин жүрүшү...


Парламент спикери Марлен Маматалиев Түп районунан баштап, акыр-чикир терип жүргөнүн көрүп калдык. Коштогондор жайбаракат эле басып жүрүшөт. Өзү эпилдеп жеңил экен. Анан Ысык-Көлдүн түбүнө да водолаздар менен түшүп кетиптир. Негизи жасап жаткан “акциясы, пиар-кампаниясы” кызыктай сезилди. Баладай болбой, кичине олуттуу жүрүш салса не? Эмне үчүн дароо эле Түпкө барды? Көлдүн кире бериши Балыкчыдан тазалоо иштерин баштабайт беле? Кызык, Чолпон-Ата, Тоң, же Жети-Өгүздөн акыр-чикир терсе болбойбу? Айтор, Марлен Маматалиевдин бир билгени бар окшойт. Балким көпчүлүктүн акылы жетпестир. Жалпысынан алганда, пландуу негизде тазалыкка үндөп, түпкүрдөгү кызыкчылыгын ишке ашырууга жандалбастады эй! А бирок окшошпой калды. Жагалдануу, жасалмалыктан жогору турганда э? “Кызмат, байлык колдун кири” дейт. Намыстуу болбойбу?











