» Саясат » Мекендешибиз Эрмек Маркабаевге карата казак күч органдарынын кысымы
Мекендешибиз Эрмек Маркабаевге карата казак күч органдарынын кысымы
25-август, 23:17
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Казакстандагы “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев 2-июнда казак күч органдары тарабынан кармалып, камакта жатат. Ага карата атайын жасалган кысым, бизнесин тартып алуу аракеттери кабарланып келген. Кыргыз коомчулугу мындай басымга, куугунтукка нааразылыктарын жаратышып, мекендешибиздин эркиндикке чыгышына тилектештигин билдирип келишет. Өзгөчө журналисттер, блогерлер Эрмек Маркабаевди колдоп жатышат. Ал эми ТИМ эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, жардам берүүгө аракеттер көрүлгөнүн маалымдады. Мекендешибиз ишкерликтин айынан казак бийлигиндеги кайсы бир көпөстүн көзүнө чалдыгып, бүтүндөй ырыскы, байлыгынан кол жууп калабы? Ачык эле күчкө салуу, өкүмзордук башталганы ыраспы? Албетте, бул маселени ТИМ көзөмөлгө алып, мамлекеттер аралык деңгээлде оң жагына чечиши керек.