Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биримдик №1. Бурун Аманова: “Өндүрүш ишке кирсе, өлкѳ ѳнүгүп, жумуш орундары түзүлөт”

Биримдик №1. Бурун Аманова: “Өндүрүш ишке кирсе, өлкѳ ѳнүгүп, жумуш орундары түзүлөт”

21-сентябрь, 17:02
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын талапкери Бурун Аманова Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын жергиликтүү тургандары менен жолугушту. Талапкердин айтымында, Айдаркен шаары бийик тоолуу алыскы аймакта жайгашкандыктан, жеңилдиктерди пайдаланган аймактарга кошулуусу керек. “Мындан сырткары, Айдаркен сымап комбинатынын ишин кайрадан жандандыруу – мезгилдин талабы. Өндүрүш ишке кирсе, өлкѳ ѳнүгөт, жумуш орундар пайда болот” дейт талапкер.

Партиянын негизги принциптери тууралуу Аманова “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын экономикалык саясатындагы негизги милдеттери экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишүү жана калктын реалдуу кирешесин жогорулатуу болот. Ошондой эле экономиканын чийки зат мүнөзүн жоюуга, ишкерликти жана жеке бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экономикалык программаны иштеп чыгуу” дейт талапкер.

Бурун Аманова жергиликтүү калктын колдоосу менен бул көйгөйлөргө жардам бере аларын айтып өттү. Айдаркен шаарынын тургундары талапкерге ийгилик каалап, ак баталары менен узатышты. 


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер