Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш Разаков жерди берсе, элибизди аттырса, эмнеге жоопкерчилиги каралбайт?

Жеңиш Разаков жерди берсе, элибизди аттырса, эмнеге жоопкерчилиги каралбайт?

03-февраль, 12:28
1 280 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарга жергиликтүү эл Жеңиш Разаковду күнөөлөп келгени жашыруун эмес. Убагында губернатор, вице-премьер-министр катары иштеген бул эргулдун кыянаттыгы далай айтылып келди. Атургай былтыр баткендиктер президентке чейин арызданышып, Разаковдун тажиктерге жерибизди бергенин билдиришпеди белеТекшерүү жүрүп, жыйынтыгы айтылмак. Эмгиче кечигүүдө... Аз күн мурда журналист Ыдырыс Исаковдун репортажында жергиликтүү тургундар Разаковду дагы күнөөлөп чыгышты. Мамат Айбалаев да Баткенден кыргыз-тажик жаңжалы чыкканда кайрадан эле ушул чиновник сөрөйдүн кедери тийгенин, аксайлыктарды аттырганын айтып берди. Жерди берсе, элди аттырса, эмнеге жоопкерчиликке тартылбай жүрөт? Азыркы бийлик Жеңиш Разаковдун ишмердигин тыкыр иликтетип, эгер күнөөсү ашкереленсе, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу керек. Качанкыга чейин тайраңдап жүрөт? Элибиздин муң-зарын ойлойлу. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер