Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Мурзахалилов: “Күч органдары абалды талдап турушу зарыл. Кыргызстанда террористтик 21 уюм табылган...”

Канатбек Мурзахалилов: “Күч органдары абалды талдап турушу зарыл. Кыргызстанда террористтик 21 уюм табылган...”

28-август, 09:27
1 763 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Борбор Азияга, биздин өлкөбүзгө качкындар агылып келген сайын, элдин кооптонуусу күч алууда. Алардын кандай таасири болушу мүмкүн?

-- Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан “Эл аралык качкындар жөнүндө” конвенцияга мүчө болгондон кийин биз мажбур түрдө Афганистандан качып чыккан качкындарды алып кетүүгө милдеттүүбүз. Бирок бүгүнкү күндө абал көрсөтүп тургандай, Афганистандагы качкындардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү ошол эле Араб өлкөлөрүнө жана Европа же АКШдан качкын статусун алганга аракеттенип жатышат. Борбор Азия өлкөлөрүнө болсо чек арага жакын Өзбекстан, Тажикстанга кайткандар арбын. Бирок, жогоруда белгилегендей, качкындардын негизги бөлүгү Европага, Америкага ыктады. Бизде качкындар боюнча анчалык деле коркунучтуу жагдай жок. 

-- Афганистандагы маселенин кооптуулугу эмнеде?

-- Ошол эле биздин кошуналар Афганистандын чек арасына жакын жайгашкан Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанга кооптуулугу арбын. Кооптуу абал болсо эми окуянын өнүгүү өңүтүнөн пайда болот. Биринчиден, шариятка негизделген Ислам эмиратын куруу тууралуу талибандар өздөрү айтып чыгышты. Ал системанын өзгөчөлүгү тууралуу 8 пункттан турган өздөрүнүн позициясын жарыялашты. Эми Афганистан Ислам эмиратын дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде БУУ ушул мамлекетти тааныйбы-тааныбайбы – бул дагы экинчи чоң маселе. Үчүнчү маселе – калктын, жашаган элдин мындан аркы тагдыры кандай болот? Кыргызстан үчүн эң негизги кооптуулугу – диний радикалдык уюмдардын “уктап жаткан ячейкалары”. Себеп дегенде, конфликт башталган мезгилдерде социалдык тармактардагы талкуулар аны таасын көрсөттү.  

-- Путиндин Орто Азияга жайгашкан качкындар боюнча кайрылуусу чыкты. Буга көз карашыңыз кандай?

-- Россиянын президенти Путин качкындарды Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууга каршылыгын билдирди. Ал пикирин бир нече аргументтерге негиздеди. Ошол эле качкындар эч кандай визасы жок эле Борбор Азияга жайгашуусу, АКШ ж.б. Европа өлкөлөрүндө виза талап кылынып жатканын кош стандарттуулук катары атап, коопсуздукка коркунуч келтиргенин дагы билдирди. “Булар кааласа эшекчен дагы тоо-ташты аралап өтүп кетет. Миңдеген ар түрдүү радикалдуу топтордун мүчөлөрү дагы Борбор Азия өлкөлөрүнө келип алат” деген да кооптонуусун билдирди. Бул деле жөнжай жерден айтылбаса керек. Россиянын күчтүү аналитикалык структураларына, чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянып, анан ушундай билдирүүнү жасады го... Буга чейин дагы АКШнын президенти Джо Байден менен Женевада жолугушканда да Владимир Путин Борбор Азия өлкөлөрүнө Американын аскер аба күчтөрүнүн жайгашуусуна каршылыгын америкалык күн сайын чыккан “The Wall Street Journal” авторитеттүү гезити дагы жазып чыккан.  Бул жерде эмнени көрсөк болот? 23-августта өткөн жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун онлайн кеңешмесинде дагы бул уюмдун кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдүн президенттери деле Афганистандагы абал чынында татаал экенин баса белгилешти. Эң акыркы Пенжер коктусундагы абал бир гана талибан бийлигин тааныбай турат. Эгерде ал жакта согуш тутанып кетсе, Афганистанда куралдуу кагылышуулар уланат деген кооптонуу бар. Бул маселе өтө татаалданып турат. Ошондуктан, биз бир гана байкоо жүргүзүп, анан маселени талдаганга аракет кылышыбыз шарт. Күч органдары абалга тыкыр көз салып, УКМК чалгындоо жана контрчалгындоо кызматын күчөтүш керек. Демек, Путиндин айткандары негизинен өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоп айтылган сөз (!) деген пикирдемин. 

-- Ооганстандагы окуя, талибандардын бийликке келиши менен динге, динчил адамдарга жек көрүү көз карашы күч алгандай. Муну байкадыңызбы? 

-- Афганистандагы акыркы окуяларга байланыштуу талибдердин бийликке келиши менен динге, диндар адамдарга тийешелүү түрдүү пикирлер айтылууда. Аны айрыкча социалдык тармактардагы билдирүүлөрдөн, посттордон, анын алдындагы комментарийлерден билсек болот. Талибдердин бийликке келишин жектегендер менен аны жактагандар да бар. Бул мониторинг жүргүзгөндө көрүнүп эле турат. Бир учурда светтик көз караштагы, прогрессивдүү багыттагы адамдардын деле талибдердин бийликке келиши менен аялдардын укугу боюнча жана билим берүү маселелерин жактаган постторду окуп таңгаласың. Радикалдашуу маселеси боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тынбай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Айрыкча эми күч биздин коопсуздук органдарына түшөт да. Себеби, булар дагы абалды талдап турушу керек. Аныгында, Кыргызстанда 21 уюм террористтик, экстремисттик катары табылган. Ошолорго мүчө болуп, алардын ишмердүүлүгүн жактаган, таламдаш, тарапташ болгон кишилердин дагы иш-аракеттерин карап туруу шарт. Уктап жаткан ячейкалар коркунучуу деген мүнөздөмөлөр азыркы мезгилде эксперттик чөйрөдө айтылып жатат. Ошолорго көз салып туруу зарыл

Афганистандагы окуялардан сабак алышыбыз керек. Ал жактагы кырдаалдын эң негизги себеби – социалдык теңсиздик жана коррупциянын өтө күч алышы болду. Эми биздин куралдуу бийлик алмашууга же кандайдыр бир диний топтун бийликке келүүсүнө каршы туруу үчүн ушул эки негизги фактордун алдын алалы. Биз мындан сабак алуубуз абзел. Дин маселесине келгенде дайыма этияттык менен мамиле кылуу керек. Дин – бул жеке адамдын Жараткан менен болгон өзүнүн жеке байланышы. Ал өтө назик, кылдаттыкты талап кылган маселе.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер