Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Матраимов эмес... Атамбаев-Бельянинов 200 миллион долларды кайда каткан?

Матраимов эмес... Атамбаев-Бельянинов 200 миллион долларды кайда каткан?

24-декабрь, 12:53
1 472 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азаттыктын” кыргыз бажысындагы окуялар боюнча иликтөөсү бир гана адамга, тагыраагы бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеген Райымбек Матраимовго арналып, аны 2010-жылдан кийин Кыргызстандагы эң таасирдүү адам катары көрсөтүүгө аракет жасашты. Ал “иликтөө” шек жаратканы, келтирилген фактылар чындыкка төп келерин же жасалма болгонун соттук териштирүүдө аныкталар. Матраимовдор өз чындыгын далилдөө үчүн сотко кайрылышпадыбы...

2010-жылдан кийин Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевдин таасири эбегейсиз күчтүү болгонун эч ким тана албайт. Бул кишинин уруксаты, макулдугу жок өлкөдө каржылык иштер иш жүзүнө ашпайт болчу. Бажы тармагын Райымбек Матраимовго “каалагандай калчай бер, бажынын тагдыры сенин колуңда...” деп Атамбаев тапшырып берип коймок беле? Бул логика акылга да сыйбат. Иш жүзүндө Атамбаев бажы тармагын өз көзөмөлүнөн чыгарган эмес. Чыгарбайт дагы болчу. Себеби, бажы тармагы аркылуу мамлекеттер аралык коррупциялык схеманы түзгөн “синдикаттын” башында өзү жана эски досу Андрей Бельянинов турганы жалганбы? 

Атамбаев 5 кылмыш ишине шектүү катары саналып, кол тийбестик макамынан ажыраганына карабай ушул жылдын жай мезгилинде орустардын мурунку бажы башчысы, коррупция менен ишинен айдалган “кайнагасы”, эски досу Андрей Бельяниновдун жардамы менен жеке учак жалдап, Кант аркылуу Москвага учуп барбады беле? Аны Москванын “Внукова” аэропортунан Бельянинов өзү тосуп алган. Ошондо, Андрей Бельянинов Кыргызстанды 6 жыл башкарган, азыр 5 кылмыш ишине шектүү катары саналып жаткан Алмазбек Атамбаев үчүн эмнеге мынча чуркап жүрөт? Олуттуу суроо жаралган. Мындай суроого ар түрдүү жооптор, божомолдор айтылган. Бул эки досту ажыратпай, бири-бирине бекем чырмооктой чырмаган иш башка жакта болуп чыгып жатпайбы... 

Владимир Путин ЕАЭБге Кыргызстан мүчө болуп кирип жатканда, даярдык көрүү үчүн 200 миллион долларды кайтарымсыз грант катары бөлүп берет. Бул акчага бизде фитосанитардык лабораториялар, бажы пункттары жана башка керектүү инфраструктура объекттери курулмак. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев ошол 200 миллион долларды орустардан накталай алуунун ордуна, анын 129 миллион долларын белгилүү орус-азербайжандык олигарх Араз Агаларов кожоюндук кылган “Crocus Group” холдингинин курамына кирген, Россиядагы эң ири соода-көргөзмө, бизнес-борбор болгон “Крокус-Ситинин” эсебине которттуруп салганы кандай? Мына ошентип, Кремль “кыргыз элине” деп берген 200 миллион долларды Атамбаев өзү жетектеген топ, Кыргызстанга алып келбей эле күм-жам кылып жиберишкени ушулбу? Мүмкүн, Атамбаев өзүнө эмес, Кыргызстанга берилген акчанын 129 миллион долларын Агаларовго которуу менен “Крокус-Ситинин” акцияларына ээлик кылгандыр... 

“Кыргызстандын келечегине” деп бөлүнгөн миллиондогон долларды күм-жам кылган аферага түздөн-түз ошол кездеги тышкы иштер боюнча президенттин жардамчысы Сапар Исаков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковтордун тиешеси бар экени ачыкталып, суракка тартылышы зарыл. Суроолор жаралууда. Россиянын бажы кызматын башкарып турган Андрей Бельянинов кыргыз элине жана орустар башкарып жаткан ЕАЭБдин келечегине кыянаттык кылып, кылмыштуу келишимди көзөмөлгө алганы ачыкталабы? 200 миллион доллардын 129 миллион доллары Бельяниновдун көзөмөлү астында Агаларовтун эсебине которулса, калган 70 миллион доллар дагы Андрей көзөмөлдөгөн федералдык бажы аркылуу чыгарылып кеткенби? Шордуу кыргызга 200 миллион доллардан 2 сом дагы тийбей, Атамбаев менен Бельяниновдун капчыгына түшкөнү ырасталабы? Бул кылмыштуу ишти Кремлге жеткизбөө үчүн Кыргызстандын чек арасындагы өзүбүздүн бюджеттен оңдолгон бажы пункттарды “10 миллион доллардан курулду” деп отчётторду тапшырышкан. Иш жүзүндө бир дагы лаборатория ишке берилген эмес. Кыргыз мамлекетинин экономикасына балта чапкан Атамбаев-Бельяниновдун 200 миллион долларлык аферасы эл аралык масштабдагы чырга айланып, бул окуяга дүйнөлүк абройлуу катары эсептелген “Нью-Йорк Таймс” басылмасы дагы көңүл буруп, атайын макала жазылып, “Крокусгейт” деп атайт. “Нью-Йорк Таймс” басылмасы майда нерселерге көңүл бурбаган, эл аралык резонанс жараткан материалдарга, фактылар менен анализ жасаган күчтүү медиа экенин эске алганда, бул басылма кыргыз бажысын Атамбаев-Бельянинов тандеми башкарып келгенин “Азаттыктан” мурун эле далилдеп койгон. 

Орус бийлиги грант катары берген 200 миллион доллардын 129 миллион доллары олигарх Араз Агаларовдун “Крокус-Ситисине” которулбай, 70 миллион доллары Андрей Бельянинов көзөмөлдөгөн федералдык бажы аркылуу чыгып кетпей, мамлекетке түз которулганда, бажы өтмөктөрү илгери эле заманбап болуп өзгөрмөк да, туурабы? Эмне үчүн бул иш өз убагында жасалбады? ЕАЭБ алкагындагы өнөктөш мамлекеттер Атамбаевдин учурунда бажы тармагыбыздагы ишке эмнеге нааразы болуп жүрүштү?

Эгерде, Атамбаев Россия берген 200 миллион долларга бажы өтмөктөрүн заманбап кылып оңдоого киришсе, өзү башында турган синдикатка чоң сокку урмак. Ал бажыдагы коррупциялык иштердин уланышын гана көздөгөн. Экинчиден, уюм алкагындагы өнөктөштөр Атамбаевдин бажы тармагы боюнча жасап жаткан “көмүскө” иштерин жакшы билишкен. Кытайдан келген товарлар Бельяниновдун көзөмөлүндө Россиянын аймагына кирип, Атамбаевге “жардам” деп үлүш каралып турган. Эки жылдан бери “жардам” алчу адам табылбай, акча топтолуп калганын Бельянинов өзү кыйыр түрүндө ачыктап алды. Анын “Кыргызстанга жардам берип келгенбиз, азыр деле сүйлөшүүдөн кийин жардамды беребиз” деп айткан сөзүн башкача түшүнүү мүмкүн эмес. 

Атамбаев менен Бельянинов ЕАЭБ биримдигине, Кыргыз мамлекетине кыянаттык иш кылганы үчүн жооп бериши керек! Азыркы бийлик, орус бийлиги кыргыз элине кайтарымсыз берген 200 миллион доллардын кайда кеткенин, кайда жумшалганын иликтеши зарыл. Путиндин буйругу менен бөлүнгөн ал каражат Атамбаев-Бельянинов тандеминин кызыл кекиртегинен улам кыргыз элине жетпей калганын далилдеп, Россиянын жетекчилигине Андрей Бельяниновдун жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылышы шарт. “Бажыны Матраимов калчаган” деген ойдон артка кайтып, тизгин кимдин колунда болгонун ачыктап, элге жарыя кылуу мезгилдин талабы болуп турат. Кыргыз элинин келечегине, жыргал жашоосуна ким балта чапканын эл билүүгө милдеттүү. 



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер