Акыркы кабарлар
» Саясат » “Бүтүн Кыргызстанга” Темир Сариев, Тынчтык Конушбаев жана Курсан Асанов бирикти
“Бүтүн Кыргызстанга” Темир Сариев, Тынчтык Конушбаев жана Курсан Асанов бирикти
18-август, 01:32
3 192 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Ак Шумкар” менен “Бүтүн Кыргызстан” партиялары ымалага келишкени белгилүү болду. Саясатчы Темир Сариев расмий билдирүү жасап, алдыдагы шайлоого карай чогуу барышарын жарыялады. Ошого катар “Кыргызстан” фракциясынан депутат Тынчтыкбек Конушбаев да бул альянска кошулганынан кабар алдык. Башында башка күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген Курсан Асанов дагы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан байыр таап, аламанга карай аттанганы маалымдалды. Бул үчөө тең алдыңкы тизмелерден орун алышарын эшиттик. Сыягы, барган сайын Адахан Мадумаровдун айланасында оппозициялык күч чыңалып, “Бүтүн Кыргызстандын” таасири артып баратканы байкалууда.
Aryba.kg