Эмил Токтошев, ЖК депутаты: «Мага төрт миң метр бийиктикти багындыруу эле жетет»


-- Эмил мырза, жакында каникулга тарайсыздар. Кандай эс алайын деп пландаштырып жатасыз?
-- Мен өзүм шайланып келген округга барып, эл менен жолугам. Азыр биз баштаган иштер боюнча айтып, жолдордун курулушу сыяктуу социалдык маселелерди талкуулайм. Эл менен көзмө-көз жолугушайын деп атам. Баардык министрликтердин өкүлдөрүн ээрчитип албай, өзүм эле барып сүйлөшөм. Бул жакта отуруп алып, биз көп нерселерди билбей калышыбыз мүмкүн. «Болуп атат» деген менен жеринде маселе башкача өнүгүшү ыктымал.
-- Дароо эле жолугушуудан баштасаңыз качан эс аласыз?
-- Августта.
-- Сыр болбосо кайсы жерде?
-- Кыргызстанда эле болом. Жергебизди кыдырып бүтпөй жатам. Жакшы, кооз жерлер, жайлоолор бар. Беш-алты күн көлгө барам.
-- Альпинизмге кызыкпайсызбы?
-- Кызыгам.
-- Эверестке чыгайын деген оюңуз жокпу?
-- Андай оюм жок. Мен кичинекей, жапыз тоолорго чыгып жүрөм.
-- Багындырган эң бийик чокуңуз канча метр болду?
-- Төрт миң метр. Мага ошол эле жетет. Эверестке чыгыш үчүн чоң даярдык керек.
"Азия Ньюс" гезити











