Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз тили өгөйлөнгөн кербезиби? Мелис Мураталиевдин илкий тарткан жүрүшү...

Кыргыз тили өгөйлөнгөн кербезиби? Мелис Мураталиевдин илкий тарткан жүрүшү...

13-август, 18:30
498 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кооз сүйлөгөндүн баары эле милдетин жипке тизген шурудай алып кете албас. Практика жүзүндө тажрыйбаны көрсөтүү машакаттуу, а сайраган башка. Натыйжада, сөз менен жасаган эмгегиң айкалышса гана бааланасың. “Ортодогу алтын сызыкты кармоо” вазыйпасынын түпкүрүнө келсек, оңой эмес го?.. 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов каада-салт, улуттук нарк боюнча элди ойготуп, байыркы баалуулуктарыбызды даңазалап келет. Мындай “фишканы” Мелис Мураталиев да талашып, өз арбайын согуп, ой-пикирин айтып жүргөнү белгилүү. Кызыгы, бул киши президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы эмеспи. Аталган мекемени Каныбек Осмоналиев жетектеп турганда кадимкидей коомдо талкуу жаралып, кыргыз тилинин кадыр-баркы өсүп, улуттук өзөгүбүз бекемделүү багытын алган. Дилибиздин, идеологиябыздын башатын туюп, патриоттук сезимдерибиз ойгонгонун эскерте кетели. Министрликтерден айыл өкмөттөрүнө чейин иш кагаздар кыргыз тилине жапырт өтө баштаган эле. Тилекке каршы, Каныбек Осмоналиевди “жыгып тынышкандан” кийин ал кызматка Мелис Мураталиев келип, кулак-мурун кескендей эле тунжурай түштүк. Кандай иштер жүрүп жатканы белгисиз, артка кеттиби? Конституцияда баркы көтөрүлгөн кыргыз тили реалдуу турмушта кайрадан өгөйлөнгөн кербезиби? Бул багытта масштабдуу өнүгүү болбой, бороондо буюккандай абалга баратабызбы? Айтор, образдуу тариздеги көйгөйлөр арбын экен. Мындай илкий тарткан жүрүшү менен Мелис Мураталиев алыс деле узачудай эмес го...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер