Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Закир Шарапов, ЖК депутаты: “Сох районунан көп адамдар чыгышып, биздин жарандарды ташбараңга алышкан...”

Закир Шарапов, ЖК депутаты: “Сох районунан көп адамдар чыгышып, биздин жарандарды ташбараңга алышкан...”

05-июнь, 14:12
651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Закир Эшматович, Баткендин Чечме айылындагы чыр боюнча эмне айта аласыз?

-- Чырга себеп болгон Кадамжай районундагы Чечме айылындагы булак азырынча аныкталбаган катары айтылат. Бирок, андай мүнөздөгөн туура эмес. Биздеги маалыматтарга караганда, 1955-1961-жылкы карта боюнча, андан соң эгемендүүлүк алгандан кийин өзүбүздүн жүргүзгөн инвентаризациялык документтер алкагында дагы, ал булак Кыргызстанга таандык (!) деп көрсөтүлгөн. Ошого карабастан, кошуна жашаган Өзбекстандын Сох районунун тургундары улам чыр салып, делимитациялоо, демаркациялоо иштерине тоскоолдук кылып келишет. Союз учурунда, андан кийинки жылдарда ошол жерлерди тактап, делимитация, демаркация иштерин жүргүзүп койгондо, мындай чатактар болбойт эле. Мен “зым торду тосуп берип коёлу, сохтуктар бери жакка, биздикилер нары өткөндө көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан өтсүн” деп маселе көтөргөм. Ал жерде жыл сайын жазында, сугат иштери башталар маалда Чечме айылынын тургундары булакты, арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүшөт. Бул жылы дагы 31-май күнү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканда, Сох районунан чыккан көп сандагы белгисиз адамдар ташбараңга алышып, ошол жерде иштеп жаткан биздин жарандарды жабыркатышкан. Кимдир бирөө буларды алдын ала даярдап, үгүттөгөндөй таасир калтырууда. Ошондуктан, атайын түзүлгөн комиссия, ошо жердеги күч органдары бул чагымдын артында кандай күчтөр турарын аныктап, тактап чыгуулары керек. Бир тараптуу эле Тажикстан менен чек ара жакты карап, көңүлдү ошол жакка бура бербей, жалпы түштүк жактагы чек араларга көңүл буруу зарыл. Бирок, өзүңүздөргө белгилүү, бир жылдан бери өзбек-кыргыз чек ара иштери боюнча комиссия бир дагы иш жүргүзбөптүр. Төрт жолу нота жиберилген, төртөөнө тең унчугушпай, кечээ майдын орто ченинде биз жөнөткөн пикирлерге өздөрүнүн каршы пикирин айтышып, ишти создуктурганга аракет болууда. 

-- Сиз чек ара маселесин чечүү үчүн эмнелерди сунуш кылат элеңиз?

-- Биздин чек ара маселеси боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия бул жерде отуруп алып нота жиберүү менен убара болбой, Оштонбу, Батенденби офис алып, сүйлөшүүлөрдүн негизинде кошуналык мамилени ортого салып, элдик дипломатияны колдонуп, чек ара маселесин эки элдин тең көңүлүн оорутпай тургандай кылып чечкенге аракет жасашпайбы? “Кийин чек аралар аныкталган соң, ал комиссияны кайра борборго алып келе берсеңер болот” деген сунуш бердим эле. Ал сунушум да эске алынбай жатат. 

Чечме айылындагы коогалаң бир эле күндө жаралган жок. Ал көп жылдардан бери чогулуп келаткан ириң. Чек ара маселесин тез аранын ичинде чечпесе, мындай окуялар кайра кайталана берет. Буга чейин жергиликтүү бийликтер, аксакалдар чыр-чатакка жеткирбей чечип келатышкан. Бирок, бул жолу мен жогоруда айткандай, ортодогу кандайдыр бир күчтөр провокация кылышып, ошонун негизинде эки тарап тең жабыр тартууда.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер