Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Капарова мактаган Тиллебаев президенттен сөгүш алып, УТРКны артка тартканы тастыкталды

Капарова мактаган Тиллебаев президенттен сөгүш алып, УТРКны артка тартканы тастыкталды

07-сентябрь, 13:21
399 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мактаган кыз тойдо осурат” дейт. Анын сыңарындай, УТРКнын гендиректору Болотбек Тиллебаевди жеңил-желпи блогерлер, Чынар Капарова сыяктуу пиарщиктер көкөлөтүп жатышты эле, аягы эмне болду? Реформанын “р” тамгасы жок, УТРКны жарга такап салыптыр. Садыр Жапаров катуу эскертүү берип, Болотбек Тиллебаевге сөгүш жарыялады. Милдетин тийешелүү деңгээлде талапка ылайык аткарбаптыр. Ишинде эч кандай жаңылык жасабай, жалпы жамаатты артка тартканы ачыкталды. Ошентип, илең-салаң абал өкүм сүрүүдө. “Шишикти” убагында кесип салбаса, залалы тийет эмеспи. Реалдуулуктан алып караганда, УТРК өлкөдөгү жалпы идеологияны жүргүзө турган, саясатка, экономикага анализ берип, “кайната” турган очок. Ошого катар социалдык турмушубузду, маданият, спортту чагылдырып, элге багыт берчү чоң күчкө ээ. Тилекке каршы, катардагы оператор деңгээлиндеги Тиллебаев алардын баарын кайдан түшүнсүн? “Азия Ньюс” гезити башында эле бул эргулдун иштей албасын жазган, эми төлгө төп түшкөндөй эле чын чыкты. Соңунда гендиректор сөрөй коррупцияга айыпталып, сүйрөлүп кетпейби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер