Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрулан Көкүлов, ЖК депутаты: “Эмне себептен ата-энелерден акча чогултуу дале уланууда?”

Эрулан Көкүлов, ЖК депутаты: “Эмне себептен ата-энелерден акча чогултуу дале уланууда?”

08-сентябрь, 09:00
535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрулан мырза, сиздин билим берүү министрлигине барганыңыз коомчулукта аябай чоң талкууну жаратып, атүгүл кесиптештериңиздин арасында да “депутат, же блогер болсун” деген пикирлер айтылды. Сиз өзүңүз буга эмне дейсиз?

-- Мен депутат, же блогер боломбу, ар дайым элдин талабын коргоп келгем. Мындан ары да коргой берем. Кийингеним боюнча сын айтышпадыбы. Мен бир чети ага макулмун, бирок мен өз мыйзамымды колдонуп иштебесем, бул жерде  иштей албайт экенмин. Билесиңер, “Не сахарда” иштеп турганда журналисттин укуктары жөнүндөгү беренелерди көрсөткөм. Бул жерде да менин мыйзамым бар. Мен депутат катары кызмат адамдары тарабынан кабыл алынууга укуктуумун. Ал эми менин сүйлөгөн сөзүм, кийимим боюнча эч ким мага комментарий бере албайт.

Менин министрликке барганымдын себеби мындай: видеодон да көрдүңөр болуш керек, “ишеним телефонуна” кайра-кайра чалдым. Ал телефон кимде экени, жооп берүүнү ким алпарганы белгисиз. Эмне үчүн ошончолук чоң министрлик “ишеним телефонуна” иштебеген номерди беришет? “Министрдин “ишиним телефону” ушул, бул номерге чалсаңар мен байланышам” деп туруп, жооп бербей койгону туура эмес көрүнүш.

-- Сиз барганда кеңешме болуп жаткан бекен?

-- Ооба. Кеңешме бүткөнчө ошол жерде күтүп турдум. “Сүзө басты, түртүп кирди” деген куру жалаа. Мен эч качан эч жерге сүзүп барбайм, мыйзамга ылайык кирем. Колуман келишинче күтүп турганга аракет кылам. Бирок, сылык мамиле кылгандан пайдаланып, кабинетке кирип-чыгып, кайдыгерлик көрсөткөн бул туура эмес. Депутат элдин суроосу менен келет. Мен ал жакка өз маселем менен барган жокмун, өзүмө эч нерсе сураган эмесмин. Элдин талабы менен, “эмне үчүн “ишеним телефону” иштебейт? Эмне үчүн китептер жетишсиз? Эмне себептен ата-энелерден акча чогултуу дале уланып жатат?” деген сыяктуу суроолор менен баргам. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер