Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ботаникалык бактын мышык ыйлай турган абалына ким кол сунат?

Ботаникалык бактын мышык ыйлай турган абалына ким кол сунат?

11-май, 18:09
679 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жыл жаңыргандан бери эле Бишкек шаарында жайгашкан “Гареев атындагы ботаникалык бак” деп келатам. Абалы күндөн-күнгө начарлап келет. Муну көп жылдан берки байкоолоруман улам айтып атам. Ботаникалык бактын бери дегенде жарымынан көбүн свидина деген бадал басып, күйгөн жерлери күйүп, куурагандары куурап, андагы адам баса турган жолчолорун отоо чөп каптап, чогулган таштандылар жерге-сууга батпай кеткен. Буга жумушчулардын айлыгынын аздыгы бирден-бир себепкерби?

Мындан бир жума мурун “өлбөгөн жанга жаз келди” дегендей, дагы бир жолу ботаникалык бакка башбактым. Кире беришинде он чакты киши топтолуп калыптыр. Сураштырсам, бул адамдар Асанбай, 12-кичирайондун тургундары экен. Алар күн сайын таң эрте ушул бакта таза абадан дем алып, саламаттыгын карап, жолчолор менен басышарын айтышты. Мен барган күнү ал адамдар ботаникалык бактын жетекчилигине кирип, өз көйгөйлөрүн ортого салмакчы болуп чогулушуптур. 

“Мындан эки жума мурун ботаникалык бактын биз басып жүргөн жолчолоруна ишембилик кылып, жарымына чейин отоо чөп басып кеткен 300 метрден ашык жерди, эки жээктеги арыкчаны жана андагы таштандыларды тазалап, атайын машина жалдап чыгарганбыз. Бир жигит жолдун жээгине колундагы материалдар менен чакан отургучтан 2-3тү жасап койду, адамдар бир аз отуруп эс алганга шарттап. “Бул ишембиликти дагы уланталы, колубуздан келген ишти ботаникалык бак үчүн аябайлы” деп демилге кылганбыз. Анан эле бакты кайтарган кароолчу бизди токтотуп, “отургучтарды койбогула. Жетекчилик мындан кийин сиздерди киргизбегиле деп атат. Эшикти жаап, кулпу салам!” дебеспи. Ушундан кабатырланып келдик. Биз бул бакка эмне зыян келтирип атабыз? Тескерисинче, “колкабыш кылалы, эмне жардам керек, айткыла?” деп атабыз. Болгон шартыбыз ушу” деди эле, ботаникалык бактын жетекчиси Гүлайым Дөңбаева “сиздер бизге шарт коё албайсыңар!” деп катуу айтып, “эс алып жүрө бергиле, сиздер баса турган жолуңарды жаппайбыз. Ал эми өз алдыңарча ишембилик кылганыңар үчүн абдан ыраазыбыз” деп кошумчалады жетекчи.

Сөздүн кыскасы, жетекчиликке кайрылган он чакты адамдын көйгөйү чечилди. Мен андан ары бак аралап, ботаникалык бактын төрүнө чейин бардым. Жыл сайын эле өрт чыга берген жерин көрдүм, алдынан чыккан адамды эки чайнап бир жута турган немис овчаркасы жүрөт. Атайын сейилдөөгө алып чыккан өңдүү. Жолдогу таштандылар көзгө урунду. Жанагы аксакал адамдардын ишембилик кылган жери жана жээгиндеги отургучтар бар экен. Куураган бактар, жогоруда айткан свидина деген бадалдар жер жайнап кетиптир. Аларды көргөн сайын ичим ачышат десең.  

Албетте, азыркы жетекчиге бере турган суроолорум толтура. Ал өзүнчө кеп. Анткен менен ботаникалык бактын ичин аралап баратып, ээсиз калган чытырман токойду элесететип аттым. Жолдун жээгинен ары басып кире албайсың. Ар кай жерде бузулган мурунку лабораториялар, күнөскана, тазаланбаган арыктын ичтери, бал челектер, куураган бактар ж.б. жагымсыз көрүнүштөр. Айтор, айта берсе арман көп...  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер