Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзакматов өкмөт башчы болуп иштей албайт, билими, тажрыйбасы жетпейт

Мырзакматов өкмөт башчы болуп иштей албайт, билими, тажрыйбасы жетпейт

15-январь, 11:40
2 717 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соцтармакта айрым жалданма жагымпоздор Мелис Мырзакматовдун премьер-министр болушун самашып, жарашпаса да айга-күнгө теңешип, удургуп атышат. “Кой” деген кожо жок, кызык эле күлкүлүү көрүнүштөргө күбө болуудабыз. Мырзакматов аткаруу кызматында толук кандуу тажрыйбасы жок. Убагында коммерсант болуп жүрүп, кыска убакыт депутат, анан Ош шаарынын мэрлигин аркалаган. Курулай популизм, пиар менен гана алектенгени белгилүү. Ошентип көөп жүрүп, эстакадалык көпүрөнү туура эмес куруп, коррупциялык былыгы ачылып, кылмыш иши козголгондо качып кеткен. Жаңы бийлик келгенде биринчилерден болуп акталып, “устукан” алууга ашыкты эле, тилеги таш капты. Эми соцтармактан өзүн мактатып, премьер-министрликти басып жыгылууга ашыккан кербези. Амбициясы аттын башындай эй! Аныгында, Мырзакматов өкмөт башчы катары иштей албайт да. Билими, тажрыйбасы жетишпейт. Экономиканын “э” тамгасын билет бекен? Кыскасы, өпкөлөнбөй эле коммерциясын кылып, тек гана жүрө берсе... Кутура берсе дагы бир балээге чалынбасын, ыя? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер