Дамирбек Исаков өздүк курамдын астында моралдык жактан кемсинип жатыптыр

Ушундай. Ош ШИИБ начальниги Дамирбек Исаков өздүк курам ичинде сынга кабыла баштаптыр. “Бир тууган иниси камалып, коррупцияга айыпталып атса, кайсы моралдык укугу менен бизди башкарат?” деген кептер козуп, уу-дууга айланып аткан чагы экен. Ошондон улам баш көтөрө албай, бар-жогу билинбей, өзүнүн ордун жоготуп койгонун кантебиз? Кол астындагыларга үлгү көрсөтө албаса, идея, демилгеден мукурап отурса, жетекчилик касиети кайсы? Соңку убактагы психологиялык абалы жакшы эмес экенин көргөндөр айтышып, көпкө узабасына да баа берип жатышыптыр. Ушундай кризистик абалда өзүн жана коллективди да кыйнабай кетип калбайбы? Сөзсүз эле жогорку жетекчилик айдап жибермейинче тырышып отура береби? Кызмат келет, кетет. А жигиттик намысын сактап калбайбы?..
"Азия Ньюс" гезити