Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аш-тойдо көп дегенде үч кой союу сунушталууда

Аш-тойдо көп дегенде үч кой союу сунушталууда

29-март, 18:09
1 031 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Курманбек Молдокулов аш-тойлордо ысырапкорлукка жол бербөө боюнча шаар бийлиги жобо иштеп чыкканын “Sputnik kg’ге” айтты. Анын айтымында, жобону талкуулоого бардык шаар тургундары катышып, өз сунуш, пикирлерин бере алышат.

“Азыр биз президенттин жарлыгына таянуу менен жобону жазып чыктык. Бирок Жогорку Кеңеште бул багытта (аш-тойлордо ысырапкорлукка жол бербөө  ред.) мыйзам долбоору каралып жатат. Ал өтүп кетсе, андагы эрежелерге шайкеш келтирүү максатында биздин жобонун айрым пункттары өзгөрүшү мүмкүн. Азырынча тажияда такыр эле мал союлбасын, сөөк жерге берилген соң бир нече күндөн кийин эскерип мал сойсо болот деп жатабыз. Бирок анда да бодо мал эмес, ашып кетсе үч майда жандык союуга жол берилет. Келген кишилердин саны тажияда чектөөсүз болот, ал эми той-аштарда 250дөн ашырбоо сунушу айтылып жатат. Муну менен катар эле башка майда-чүйдө чыгымдарга да тыюу салуу сунушталууда. Учурда Бишкек казыяты менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Белгилей кетчү жагдай, жобону талкуулоого ар бир бишкектик катыша алат деди Молдокулов.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер