Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркиянын Сириядагы согуштук операциясы

Түркиянын Сириядагы согуштук операциясы

21-октябрь, 14:56
460 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Америкалык аскерлер  Сириянын Түркия менен чектешкен райондорунан кетип үлгүрө электе Анкара эзелтен Сириянын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү аймактарды байырлап келген  курддарга каршы согуштук операцияны баштап жиберди. 


Курддар деген ким?

Этникалык курддар төрт өлкөдө: Иранда, Иракта, Түркияда жана Сирияда жашашат. Сирияда алар калктын 7-10 пайызын түзөт. Сирияда жарандык согуш башталганда  курддардын басымдуу бөлүгү эч жакка кошулбай, бейтарап позицияны ээлеп турушкан. 2012-жылы Сириянын өкмөттүк аскерлери башка региондордогу көтөрүлүшчүлөр менен согушканы кеткенде курддардын аскерлешкен түзүмдөрү чек ара райондонун өз көзөмөлүнө алышкан. 2014-жылы АКШ башында турган эл аралык коалиция  “Ислам мамлекетине” абадан сокку урганда   курддар коалициянын Сириядагы негизги   союздашы болуп калды. 2015-жылы курддардын элдик өзүн-өзү коргонуу отряддары курддук-арабдык “Сириянын демократиялык күчтөрү” аскерлештирилген альянсын түзүүгө негиз болду. 


Түркияга  согуштук операция эмне үчүн керек?

Түркиянын бийликтери  эчактан бери эле “Сириянын демократиялык күчтөрүнө” каршы  согуштук операция жүргүзүп, Сириянын чек арасын бойлоп узундугу 480 чакырым, туурасы 32 чакырым коопсуздук зонасын түзүү ниети бар экенин билдирип келген. Анкара курддардын элдик өзүн-өзү коргонуу отрядарын  өз чек арасынан ары сүрүп салмакчы, себеби, аларды өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептейт. Түркиянын пикири боюнча, курт отряддары – бул он жылдардан бери  түрк мамлекетине  каршы согушуп келаткан, Түркияда террористтик уюм катары таанылган “Курдистан жумушчу партиясынын”  аскерлештирилген канаты. Андан тышкары, чек аралаш райондордо 3,5 миллиондон көбүрөөк сириялык качкындар  жайгашкан, Анкара  алардын жок дегенде миллионун көчүрүп, өз чек арасына жакын жердеги концентрацияны   азайтмакчы. 

Түркиянын басып кирүүсүн   болтурбоо максатында АКШ ушул жылдын августунда  түрк аскерлери менен бирдикте  чек аралаш райондордо коопсуздукту камсыздоо системасын  түзүүгө макул болгон.  Курд отрядары   бул келишимдин бир бөлүгүн аткарып, райондон оор курал-жарактарды алып чыгып кетип, фортификациялык имараттарын бузушкан. 

Бирок, 6-октябрда   Түркиянын президенти  Реджеп Тайип Эрдоган Дональд Трампка  согуштук операция жакында башталарын билдирди. Трамп региондо жайгашкан  америкалык аскерлер  тараптардын эч кимисин колдобосун айтты. 


Операциянын  натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

“Эл аралык куткаруу комитетинин” маалыматы боюнча, азыркы учурда “Сириянын демократиялык күчтөрү” көзөмөлдөгөн  райондордо   2 миллионго жакын калк жашайт. “Согуштук операциялар чү дегенде эле 300 миң кишинин көчүшүнө алып келип, жергиликтүү калк үчүн өтө маанилүү болгон гуманитардык уюмдардын  ишин үзүгүлтүккө учуратат” деп билдирди “Эл аралык куткаруу комитети” бир топ күн мурда. Save the Children уюмунун маалыматы боюнча, чек аралаш райондо жашаган  бир жарым миллиондой  киши гуманитардык жардамга муктаж. Алардын 650 миңден ашууну согуштук аракеттерден качып, аргасыз көчкөндөр. 

Сириядагы кризис менен шугулданган  БУУнун координатору Панос Мумцис  ведомство эгер жарандар Түркиянын басып кирүүсүнөн улам  өз үйлөрүн таштап кача турган болсо, аларга жардам көрсөтүү боюнча шашылыш чаралардын планы иштелип чыкканын билдирди. 

Бул арада АКШ Сириядагы операцияга байланыштуу Түркиянын эки министрлигине жана  үч министрине карата санкция киргизгени маалым болду. Европалык бир топ өлкөлөр да бул оперцияга каршы экендиктерин билдиришти. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер