Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыйындарды көрө албай, шөмтүрөктөрдү мурдунан сүйрөп төргө чыгарабыз...

Кыйындарды көрө албай, шөмтүрөктөрдү мурдунан сүйрөп төргө чыгарабыз...

16-июнь, 14:13
903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Техникалык өкмөттүн башчысы катары Кубатбек Бороновдун келиши, 1-вице-премьер-министрликке Алмаз Батырбековдун сунушталышы коомчулукту ынандыра алган жок. Каршы пикирлер көп айтылып, ишенбөөчүлүк жаралууда. Өзгөчө соцтармактарда басымдуу нааразычылык туулганы эмнени билдирет? “Эшегине жараша тушагы” дегендей, бул эки кадр эмнени кыйратмак эле? Боронов 10 жылдан бери жогорку кызматтарды аркалап келатат, жүрөк жылытчу ишин көргөн жокпуз. Батырбеков болсо, алкомагнат Шакинин арты менен депутат болгону белгилүү. Эмне үчүн көпчүлүк нааразы? Себеби, жогорку кызматтарга эл ичинде кадыры бар, экономиканы, өндүрүштү мыкты билген саясатчылар көтөрүлүш керек болчу. Тилекке каршы, бизде шөмтүрөктөрдү мурдунан сүйрөп төргө чыгаруу күч. Ал эми кыйындарды көрө албайбыз, же куугунтукталып келет. Ошон үчүн оңолбой жатабыз да!

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер