Эң жакын адамдарымдан кол салуу болду, дале таятамдын үйүндөмүн...
Журналист Жазгүл Жамангулова айылдардын биринде жашап жаткан студенти тууралуу төмөндөгүдөй баяндады.
“Сураныч, балдарды эң жакын адамыңардын да жанына таштабагылачы! Биздин план башкадыр, Кудайдын планы такыр башка. Мен журналистмин, бирок соңку жылдардагы чакырыктар, жолугушуулар күтүүсүздөн мени кыз-келиндерге семинар өтүүгө көндүрдү. Бул арада көп кызык тагдырлар менен бет келдим.
Кечээ бир студентим чалды, “эже, ар кимдин үйүндө жүрүп, түрткүнчүк болуп аябай чарчадым. Ата-энем Россияда көп жылдан бери жашайт. Беш жашымда таятам арак ичкиси келип, мени бир бөтөлкө аракка баалап, бир чоң эле кишиге сатып жиберген. Андан кийин да мага эң жакын адамдарымдан кол салуу болду. Бул окуяны кечээ жакында гана апама айтсам, “эч кимге айтпа” деп койду. Бирок, мен дале ошол таятамдын үйүндөмүн” деди ал мага агынан жарылып ыйлап, жүрөгү тилинип дирилдеп. Азыр ал 19 жашта. А мен биринчи кезекте ал жерден алыстоосун сурандым, мүмкүн бул маселеге көбүрөөк таасир бере турган апасына түз байланышка чыгам жакында...
Бала мыйзамынын кийим, тамак-аш, окуу деген беренелерин маанилүү санап, мээрим, камкордук деген маанилүү беренесин унутуп калган ата-энелер! Кара курсак ач болсо бир сындырым нанга тоёт, бирок мээримден кагылган наристелердин жоголгон жылдарын сиз өмүр бою кайрып бере албайсыз. Балдардын жоголгон сааттарын, айлап-жылдап таба албаган кенебес ата-энелердин катасынан качан сабак алабыз? Бул менин бир гана студентимдин тагдыры болгон менен бүгүн бул бүтүн улуттун трагедиясы. Көп кыздар эң жакын адамдарынан зордукталышат! Тилекке каршы, чын.
Кыздар – гүл. Гүл – бакчанын көркүн ачып, жыпар жыт бериш үчүн аны короонун ичине бапестеп өстүрүш керектир. Короонун сыртына айдалган гүлдөрдү ар ким үзүп, айбандар жанына тезегин таштап кетет... Сыртта өскөн гүлдүн өмүрү кыска болот, тез соолуйт, көрксүз, анан чаң басат!
Окуяны студентимдин уруксаты менен башкаларга сабак болсун деп жаздым. Эгер балдарыңыз алыста болсо, өз жаныңызга алыңыз!”