Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилип, үч комендант дайындалды

Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилип, үч комендант дайындалды

24-март, 12:27
510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын бир нече аймактарына өзгөчө абал киргизилип, аларга коменданттар бекитилди. Бишкек шаарына Алмазбек Орозалиев, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районуна Жеңишбек Жоробеков, ал эми Ош шаарына, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна Малик Нурдинов комендант болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги. Ал эми Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен коронавирус кооптуулугунан улам Кыргызстандын бир нече шаарларына жана райондоруна өзгөчө абал киргизилди.

Аталган аймактарда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.

Өзгөчө абал деген эмне?

22-марттан тарта Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилген. Эми 25-марттан тарта өлкөнүн айрым шаарларына өзгөчө абал (ӨА) киргизилмей болду. Өзгөчө абал киргенде көрсөтүлгөн шаарларга комендантура киргизилип, абалды куралдуу күчтөрдүн генералдык штабы, ички иштер министрлиги жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети координациялай баштайт.

ӨА режими КР жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.

Кыргызстанга дүйнөнү каптаган коронавирус да келген. Учурда Кыргызстан боюнча 16 адам аны жуктуруп алган. Алар өзгөчө абал киргизилген жогорку аймактардан жана Баткен облусунан табылган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер