Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Техкароо – бул эң оболу элдин коопсуздугуна кам көрүү”


-- Кундузбек Кошалиевич, менчик унааларга милдеттүү техкароону кайра киргизүү сунушталып жатат. Кандай дейсиз, техкароо керекпи?
-- Техкароону союз убагындай кылып өткөрө турган болсок, анда керек. Агезде мен органда иштеп жүрдүм. Техкароого өтө катуу даярдык жүрчү. Ар бир унаанын техникалык абалынан тартып, сырткы көрүнүшүнө чейин каралчу. Өкүнүчтүү жери, биз эгемендик алганы техкароого болгон талап солгундап кетти. Техкароо – бул эң оболу элдин коопсуздугуна кам көрүү да. Андыктан, бул арга жогунан киргизилип жаткан нерсе деп ойлойм. Себеби, жарандардын өзүнүн оюна койсоң талаптарды аткарышпайт. “Боло берет” деп жүрө беришет. Мен кечээ эле Ош тарапка барып келдим. Кар жаады эле Оштон Жалал-Абадга жетиш үчүн төрт саат жүрдүк. Кичине эле өйдөлүш жерлердин баарында тыгын. Барып карасаң жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырган эмес. Анан өзүбүздүн кемчилигибизди билбей, “ӨКМ, жолду тейлөө кызматкерлери иштебейт” деп нааразы болобуз.
-- Туура, бирок техкароонун кайра киргизилиши коррупциялык көрүнүштөргө жол ачпайбы?
-- “Карышкырдан корксоң токойго барба” дейт эмеспи. Тийиштүү төлөмүн кассага барып төлөсө, каяктагы коррупция? Коррупцияга аралашып атса, кармалып, эртең жооп берет. Бирөө, экөө, үчөө кармалат, анан тыйылат да. Анан корко берсек, анда үйдөн чыкпай эле отуруш керек. Биз мыйзам талаасында жашап жаткан мамлекет болгон соң, мыйзам талаасына келишибиз керек да. Баарын өзүбүз көндүрүп атпайбызбы коррупцияга, “муну ал да, бүтүрө кой эртерээк” деп...
"Азия Ньюс" гезити











