Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй-бүлө бекем болушунун сырлары

Үй-бүлө бекем болушунун сырлары

09-июнь, 13:24
1 473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үй-бүлөдө мамиле узак жана бекем болуш үчүн психолог Брайан Глисон төмөндөгү кеңештери менен бөлүшкөн.  

Биз күнүмдүк жашоодо бири-бирибиздин мамилебиз жөнүндө көп деле сүйлөшпөйбүз. Бул туура эмес. Жашоодо бири-бирибизге болгон сүйүүбүздү, урматыбызды ачык айтуудан эч качан тартынбашыбыз керектигин айтат.

Мисалы, эртең менен күйөөңүз менен тамактанып жатасыз дейли. Ошол эле учурда сиз жумушуңуздагы жолугушуу боюнча абдан ойлонуп, кыжалат болуп жатасыз. Сиз ал тууралуу жолдошуңузга айтпастан эле ичиңизде өзүңүзчө кайнап жатасыз. Бул туура эмес. Себеби, күйөөңүз сиздин кыжалат болуп ойлонуп жатканыңызды сезбейт. Болгону ал сизди “эмнеге унчукпай жатат?” деп ойлошу мүмкүн. Ошон үчүн сиз ичиңизден эмне тууралуу ойлонуп жатканыңызды жолдошуңуздан эч убакта жашырбаңыз. Анын ордуна сиз ага “мен жумушум боюнча ойлонуп жатам” деп кеп-кеңеш менен кайрылыңыз. 

Демек, бул учурда сиздин унчукпай коюшуңуз жолдошуңуздун тынчсыздануусун күчөтүп, ойлондуртуп жаткан маселени курчутушу мүмкүн. Ошондуктан эмоция, ойлоруңуз менен бөлүшүү – узак мамиле куруунун ачкычы болоруна шек жок.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер