Убагында супсулуу кыз элем, айылдын жашоосу мени жүдөттү


Менин катар-катары төрөлгөн үч балам бар. Кайын журтум менен чогуу турабыз, жолдошумдун жумушу болсо шаарда. Айылдын жагымсыз жашоосу жакпай баратат.
Убагында канчалаган жигиттерди чанган, өзүмдү карап жүргөн сулуу кыз болсом, азыр турмуш аябай жүдөттү. Көртирликтен башым чыкпай жатып, өзүмдү да тааныбай калдым. Кайненем такыр эле жардам бербейт, же балдарымды каралашпайт. Кээде аябай кыйналам, айрыкча кышта от жагууну да мага жүктөп койгон. Карала-торала болуп эртеден-кечке көмүр ташып жүргөнүмө кейийм. Кайненем жумушуна кетет, келет, тамагын даярдап берсем, ичип туруп кетет. Жолдошума “бизди да алып кет” десем, “коё тур” дейт. Үй алганга акчасы жетпейт. Ушинтип эле жаштыгым, өмүрүм өтүп кетеби? Акыркы күндөрү баарынан тажап баратам...
Наргиза
"Азия Ньюс" гезити











