Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайдыгер мэр Эмилбек Абдыкадыровдун ордуна жаңы жетекчи табылдыбы?

Кайдыгер мэр Эмилбек Абдыкадыровдун ордуна жаңы жетекчи табылдыбы?

01-декабрь, 19:30
932 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаары мэрге жарыбай койду, мурдагыларын айтпаганда да өткөн жылы жарым жылдай мэрдин милдетин аткаруучу боло калган Балбак Түлөбаев “монорельс (бир рельстүү темир жол) курам” деп чыкты. Бу монорельс дүйнөдө негизинен туристтик аймактарда колдонулат, мисалы, АКШда Дисней паркында, Японияда зоопаркта, Түштүк Кореяда Вольмидо туристтик аралында. Жүргүнчүлөрдүн чоң агымын ташыганга ылайыктуу эмес, жай жүрөт, эстакада менен жүргөндүктөн кулап кетүү коркунучу да бар. Анан элди ойлобогон Кедейкан мэр Балбак Түлөбаев ачылыш жасагансып, “Ала-Арча, Аламүдүн каналдарына эстакада менен монорельс салам” деп чыккан. Андан кийин келген мэр Эмилбек Абдыкадыров салдырган мектептери менен өзүн пиар кылганча, шаар акыр-чикирге толуп кетти. Бишкекте транспорт жагы чоң көйгөй, убагында мэр Медетбек Керимкулов автобус линияларын жеке фирмаларга берип, муниципалдык автобазалар жабылып, мэрия транспорту жок калган. Ошондон бери бир туруп Кытайдын сапатсыз автобустарына жетишсе, кайра Өзбекстандын айылдарына каттаган 16 орундуу автобустарын алышат, бирок транспорт маселеси чечилген жок. Мэр Эмилбек Абдыкадыров болсо эч нерсе чече албай, “соодасы” бүткөн немедей болуп отурат. Шаардыктар жол азабын, көр азабын тартып, улам барган сайын нааразычылык күчөп баратат... Айрым маалыматтар боюнча, элдин убалына калган мэрдин ордуна жаңы жетекчи табылганы калды окшойт. Чыдай тургула. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер