Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бурул Аманова: “Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун” акчаларын чоң ишкерлер бөлүп алууда”

Бурул Аманова: “Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун” акчаларын чоң ишкерлер бөлүп алууда”

27-август, 17:31
2 397 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыр абал жеңил эмес. Кымбатчылык өкүм сүрүп, карапайым калк каржалууда. Мындан ары кандай болот?  

-- Ишкерлер учурда ар тараптуу колдоого муктаж. Алар канча жумушчу орун түзө алса, ошого жараша жеңилдиктерди берүү – учур талабы. Салык төлөөдөгү жеңилдиктер, насыя алууда жакшы шарттарды түзүп берүү керек. Мисалы, ошол эле “Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун” акчаларын чоң ишкерлер эле бөлүп алышууда. Бир чоң ишкерге соода борборун салуу үчүн 25 млн. доллар берилгени талкуу жаратты эле кезинде, ошол сумманы бөлүп, региондогу чакан ишкерлерге берсе, 10 миң доллар 2500 миң ишкерге жетет эмеспи. Ал ишкерлердин артында үй-бүлөсү турат, 4-5 адамды эле жумуш менен камсыз кылса, канчалаган маселелер чечилмек. Алардын үй-бүлөсү, регионду өнүктүрүү, миграция, жергиликтүү бюджетке салык түшүп жатат, ал ишкерлер башкаларга үлгү болуп бермек. Жумуш жогунан канчалаган жарандарыбыздын россиялап жүргөнү да азаймак. Ар бир региондун өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Мисалы, Баткенде өрүк, малина, кол килемдер. Ысык-Көлдө өрүк, Нарында эт, Чүйдө жер иштетүү (мисте отургузууну колго алып, жолго салса, кирешелүү тармак экени жашыруун эмес, ал суусуз жерде да өсөрү маалым). Аларды иштетүүдө мамлекеттин колдоосу сөзсүз керек. Мисалы, бизнес иштерин мыкты улантып кетүүгө окуу курстарын ачып койсо, башка көйгөйлөрүн чечип берсе жеңилдик болмок.  

-- Туризм боюнча кандай ойлоруңуз бар?

-- Ар бир жергиликтүү аким, айыл башчылардан өз жерин өнүктүрүүнү, тазалыкты катуу талап кылса, жашылдандырса, бир топ жылыш болмок. Себеби, Европа ж.б. өнүккөн өлкөлөрдөй тазалыкта жашасак, элге да чоң стимул болот эле. Борборубуз Бишкектин абалы жан кейитет, убагында тазалап туруу өтө эле чоң маселе эместир. 

Туризмди өнүктүрүүнү жакшы жолго коюп алып кетсек кана? Ковидден эң катуу жабыркаган ушул тармак болсо, быйылкы жылдын эки айында эле бир топ алдыга карай жылыштар бар экени айтылууда. Алыс барбайлы, ушул эле жердеги “Теплые ключи” дары суу чыккан жайыбыздын абалы өтө жан кейитет. 30 жылдан бери бир өзгөрүүсүз турат. Имараты жакынкы күндөрү кулап түшчүдөй түрдө. Менин оюмча, ал жерге кызыкдар кишилер өз менчигине арзан баада алып алуу аракети менен ошол абалга жеткиришип, жарыбаган акчага алышары айдан-ачык! Мамлекет өз карамагына алып иштетип койсо, миңдеген жарандарыбыз ушул эле Бишкектин четинен эс алып, ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт эле. Бул биринчиден. Экинчиден, миңдеген жумушчу орун түзүлөт жана бюджетке миллиондогон салык түшмөк. Чет элдик туристтер үчүн да өтө жакшы болуп, алар да туризмдин өнүгүшүнө өз салымын кошмок. 

Андай уникалдуу эс алуучу жайлар эч качан жеке менчикке өтүп кетпөөсү керек, жаратылыш түзүп берген укмуш кооздукту эл өз кызыкчылыгы үчүн колдонуу керектигин баса белгилегим келет.  

-- Абалдан чыгууга кандай жолдорду сунуштайсыз?

-- Оор абалды биз жумушчу орун түзүү, ишкерлерди колдоо менен гана жеңип кете алабыз. Азыркы кыйын абал – бул ошол эле ковиддин кесепети. Былтыркы талаа иштери убагында катуу карантинге кирип кеттик. Натыйжада, убагында үрөн себилбей калды. Талаа иштери жүргүзүлбөдү.

 Кээ бир тармакта бааны да тууралоо керек. Мисалы эт кымбат, ошол эле учурда малдын баасы арзан, эл бодо малды, койлорун жакшы сата албай жатканы жөнүндө маалыматтар чыгып жатат. Эттин баасынын түшпөгөнү ич ара сүйлөшүүлөр менен да болуп жаткандай.

Бюджетте тартыштыкка байланыштуу капиталдык курулуш, ж.б. мамлекеттик иш-чараларды токтотуп туруу шарт. Өндүрүштү, тигүү цехтерин өнүктүрүшүбүз зарыл.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер