Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл кыйналууда, бирок Талантбек Иманов семирип эле баратат

Эл кыйналууда, бирок Талантбек Иманов семирип эле баратат

13-май, 18:59
552 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Талантбек Имановго президент Садыр Жапаров тарабынан сөгүш айтылып, сын-пикирге кабылган. Ал командировкаларга ири суммадагы каражаттарды коротуп, бирок ишинин жыйынтыгын көрсөтө алган эмес. “Аты улук, супарасы курук” деген кеп дал ушул мекемеге туура келет. Талантбек Иманов мамлекет эсебинен багылып, комфорт жашоо кечирип, чыгаша кылып, бирок пайдасы жок. Мындай жорукту кыргыз чиновниктери гана жасаса керек. “Укмуштуунун төөсү жорго” дегендей. Ал буга чейин санарип өнүктүрүү министрлигин жетектеп, эл астында натыйжасын көрсөтө албай, кызмат которуп кеткен. Бүгүнкү күндө тажрыйбасыздыгын далилдеп, саны бар, сапатсыз агенттикти тизгиндеп, ишинин кыпындай пайдасы жок экен. Бул эргул убагында Ширшовдун шопуру, жансакчысы катары кызмат кылып, ошонун аркасынан карьера жасап, алигүнчө бийликке таасир этип келеби? Орто жерден Асылбек Жээнбековдун “Биримдик” партиясы аркылуу шайлоого чыгып, Октябрь төңкөрүшүнөн кийин качып кетүүгө үлгүргөн. Коррупцияга шектелгеничи? Анан жаңы бийликке акырындык менен жол таап, ошондон бери “эт же чел эмес” абалда келатат. Дал ушундай кадрлардын айынан Кыргызстан өнүкпөй жатканы жалганбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер