Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Түлеев: “Доллар дагы бир-эки ай туруксуз болуп, реалдуу курсу 90-95 сомго чыгат”

Расул Түлеев: “Доллар дагы бир-эки ай туруксуз болуп, реалдуу курсу 90-95 сомго чыгат”

16-апрель, 12:30
836 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы убактагы доллардын туруксуздугунун карапайым элге тийгизген таасири бир топ болууда. Мисалы кредит төлөп, соода жүгүртүү  ж.б. дагы тараптарда кыйынчылыктар жаралбай жаткан жок. Бул абал дагы канча убакытка уланчудай?

-- Эми доллардын курсу дагы бир-эки ай туруксуз болуп турат. Анан реалдуу курсу 90-95 сом чыгат. Негизи, кредиттерди доллар менен алгандарга азыркы 86 сомдун курсу менен бекитип коюш керек. Буга өкмөттүн, Улуттук банктын чечими керек. Ошондо абал кичинеден турукташмак жана социалдык абал бир аз тынчыраак болмок. Ал эми доллардын курсу кымбат болгону биздин продукция үчүн атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берет. Бирок, кайра эле өкмөттүн жардамы керек. Атамекендик өндүрүшчүлөргө соода үчүн абал кыйыныраак. Анткени импорттолгон буюмдар доллардын курсуна байланган. Ошондуктан, коңшу мамлекеттер менен улуттук валюта аркылуу соода жүргүзүүнүн жолдорун табуу зарыл. Өзгөчө Россия, Казакстан, Беларусь, Армения, Түркия жана Кытай мамлекеттерине байланышуу, алака кылуу учур талабы.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер