Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнө салды

Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнө салды

09-февраль, 11:58
780 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлик билдирет.

Жылдыз Малдыбаева — кыргыз кыздарынан чыккан тунгуч композитор, профессор, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Даңк" медалынын ээси жана билим берүүнүн отличниги.

Ал 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлүп, Шубин атындагы музыкалык мектепти жана Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. Музыка тармагында бир катар эмгектерди жараткан. Жылдыз Малдыбаева — СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Маркумду акыркы сапарга узатуу тууралуу маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер