Өзүн Илон Маск элестеткен Илим Карыпбековдун акылына баракелде!


Биздин коомдо өзүн өтө билимдүү, жогорку маданияттуу эсептеген, башкалардын баарынан бийик тургандай кыялданган Илим Карыпбеков деген “легендарлуу” адам бар. Чын эй, өзүн тим эле Илон Масктын деңгээлиндеги адам катары көрсөткүсү келет. Айылдагы мектепти бүтүп келип эле орус тилди, англисчени “сокур ит бок жалаганча” эле өздөштүрүп жиберип, “окумуштуулугу” артып, “чилистенге” айланганын айта берип тажабайт. А чындыгында өмүр бою судья болуп эмгектенген апасы Айжамал Ажибраимова окутуп-чокутуп адам кылганын эмнеге жашырат?
Ошентип, Илим Карыпбеков студент кезинде раматылык Темир Жумакадыровго дос боло калып, анын аркасы менен БУУнун (ООНдун) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн аймактардагы волонтёру катары эмгек жолун баштаган. Андан кийин эптеп жолун таап, Жаныш Бакиевдин этегине эрмешип, президенттик аппаратта кагаз ташып иштеди. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин кыска мөөнөткө “Мегаком” компаниясынын жетекчиси боло калды. Ал жерден тез эле куулуп, ишсиз калганда Чолпон Орозобекованын “Де-Факто” гезитин сатып алып, аны курал кылып бийликке жол таап, “Манас” аэропортунун менеджерлик жумушка кирген. Түшүнүктүү тил менен айтканда, ошол кездеги аэропорттун жетекчиси Албек Ибраимовдун “жетим жүгүрүгү”, жымсалдап айтканда, аткаруучу директорлук кызматын аркалаган. Көп өтпөй КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, андан бат эле КТРКнын башкы директору болду. Айтор, Алмазбек Атамбаевдин доорунда майкөл-сүткөлдө эле жүрдү.
Азыр Илим жумушсуз, соцтармактарда блогерлик кылып жан багып келет. Жөн эле сүйлөй бербей, ар кимге кашынат, акылы жетпеген нерсеге деле пикир жазып жарыялай бермей “оорусу” бар. Анын акылына бирөө суусап аткансып саймедиресе, жандан түңүлөсүң! Кылган ишин заманбап тил менен айтканда, тренинг өтөт. Карап отуруп күлкүң келет. Анан кызмат үмүт этеби, бийликти аябай мактагандан тажабады. Айтор, кызматсыз жүрүп эриккен Карыпбековго жумуш берип койбосоңор, бийликтикин “жалтырата” жалай берип тили тешилип калбайбы?..
"Азия Ньюс" гезити











