Акыркы кабарлар
» Коом » Ооруканадагы Пеле жакындары менен коштошууда
Ооруканадагы Пеле жакындары менен коштошууда
27-декабрь, 18:15

Футбол легендасы, дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон бразилиялык футболчу Пеле абалы начарлап кеткенден кийин оорукананын бөлмөсүнөн эле үй-бүлөсү, жакындары менен коштошууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Пеленин барган сайын абалы начарлоодо. Мындан улам ал ооруканадан эле жакындары менен коштошуп жатат. Кечээ, 26-декабрда интернет айдыңында атактуу футболчу Пелени акыркы сапарга узатуу үчүн даярдык көрүлүп жаткан видео тараган. Эске салсак, 82 жаштагы Пеле рак менен ооруйт. Ал бир айга жакын убакыттан бери ооруканада. Дарыгерлер анын абалын турукташтыра албай жатышат.










