Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркияда лиранын куну түшүп, нааразылык күчөп баратат

Түркияда лиранын куну түшүп, нааразылык күчөп баратат

25-ноябрь, 05:04
1 343 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркияда улуттук валютанын куну качып, экономикалык кризиске өкмөттү күнөөлөгөндөр нааразылык акцияларга чыгышты. Бир лира АКШ долларына карата 15% арзандады. Айрым экономикалык эксперттер буга президент Режеп Тайып Эрдогандын саясаты алып келгенин айтышат.

Президент Борбордук банктан үстөк пайызды азайтууну талап кылып, муну менен экспорттун өсүшүнө, инвестициялардын, жумуш орундарынын көбөйүшүнө жетсе болорун айтып келди. Бирок оппозиция мындай чара инфляцияны күчөтүп, элдин бакубатчылыгын кыйындатат деп эсептейт. Президенттин сынчылары бүгүнкү абалга түздөн-түз аны күнөөлөп жатышат.

Акыркы 11 күндөн бери түрк лирасы 1999-жылдан берки эң төмөн көрсөткүчтөрдү көргөзүп келатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер