Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Деги айыл чарба министрлигинин кереги барбы?” деген суроо туулат”

-- Тазабек мырза, мына жаз да келип калды. “Жаз – жарыш” демекчи, аны менен кошо бир топ түйшүктөр да кошо келет эмеспи. Сиздин оюңузча, тийешелүү министрликтер ага канчалык деңгээлде даяр?
-- Өткөндө өкмөт мүчөлөрү жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча маалымат бергенде мен иш сапарында болуп калдым. Аларга бир топ суроолорум бар болчу. Кечээ эле өзүңүздөр көрдүңүздөр, Бишкек–Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол кыймылына кыйла тоскоолдук жаратты. Мындай кар көчкү, жер көчкү, сел жүрүү коркунучу бар жерлер өтө көп. Андыктан, ӨКМ ага азыртан даяр турушу керек. А бизде болсо ушундай приктика калыптанып калган: качан кырсык болгондо гана барып, өрт өчүргүч сыяктуу анын кесепетин жоюу менен алек болобуз. Анын ордуна, мониторинг жасап, кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл.
-- “Өкмөт мүчөлөрүнө бир топ суроом бар” дебедиңизби. Кандай суроолор, мисалы?
-- Биз Баткен, Лейлек райондорунда болгонубузда дыйкандардын эң көп кайрылуулары бак-дарактардын зыянкечтерине каршы колдонулуучу дарылар жөнүндө болду. Андан тышкары, бүгүн жер семирткичтердин, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы асмандап кетти. Дыйкандар өздөрү сырттан сатып алалы дешсе, аны аткезчилик дешет. Же айыл чарба министрлиги өзү аларды арзан баадагы күйүүчү май, жер семирткич менен камсыздабайт. “Дыйкандарга кандайдыр бир жеңилдиктерди түзүп, жардам бере албаса, андай министрликтин деги кереги барбы?” деген суроо туулат.