УТРКда Гүлжан Кулмамбетова ырылдап турса, Кыял Шаршеева корулдап, итиркейди келтиришет


Кайрат Иманалиев жетекчи болуп келгенден бери КТРК “оңолбогон УТРК” деген атка конду. Себеби, жаңы жүздөр жок, элди аллергия кылып, жаңылыктарда Гүлжан Кулмамбетова менен Кыял Шаршеева чыгат, өздөрүндө диктордук табигый шык-жөндөм жок болгондон кийин алар даяр текстти да жөндөп окуп бере алышпайт. Жөнөкөй эле мисал, Гүлжан Кулмамбетова жыйырма жылдан бери “район” деген сөздү туура басым коюп айта албай “р-район” деп ырылдап турса, Кыял Шаршееванын үнү корулдап, кишинин итиркейин келтирет.
УТРКда оруу-жыйын, тигүү, өндүрүш цехтеринен башка эч нерсе көрсөтүлбөйт, региондордогу карапайым элдин турмушу, айылдардагы көйгөйлөрдү көрсөтсө эле Кайрат Иманалиев иштен түшүп калат окшойт.
Ал эми музыка каналын көргөн киши эс албай эле зеригет. Эртеден кечке үнү жок жаш ырчылар чыйкылдап ырдамыш болушат, “Сонун шоу” берүүсүндө “жылдыздар” маңызы жок сөздөрдү айтып, зериктирет. Бул каналды жалаң эле жаштар ээлеп алышкан окшойт. Атайбек Бөдөшев, Каныкей Эралиева сыяктуу улуу муундагы обончулардан чакырып, обондордун жаралыш тарыхынан баяндап беришсе, жаштарга тарбиялык мааниси болмок. Ошондой эле өтүп кеткен Асанкалый Керимбаев, Мукан Рыскулбеков сыяктуу залкарларга да орун берип, аларды эскерип турушса болот да. Шоу десе эле шалактагандарды чыгара бербей, азыркы музыканын абалы, көйгөлөрүн да талкуулап туруш керек.
“Айта берсе арман көп” дегендей, кабинетинде үргүлөп отурган Кайрат Иманалиев жетектеп турганда УТРК оңолбой калды го...
"Азия Ньюс" гезити











