Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирустан катары менен көз жумган айылдыктар
Коронавирустан катары менен көз жумган айылдыктар
29-октябрь, 12:17
768 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жети-Өгүз районунда 3 адам каза болду. Маалым болгондой, 26-октябрда Жети-Өгүз районунда 1950-жылы туулган эркек киши коронавирустан көз жумду. Маркум 19-октябрда Каракол шаардык ооруканасына кайрылып, облустук бириккен ооруканасына жаткырылган.
Ал эми 28-октябрда пневмониядан эки адам каза болду. Алардын бири 58 жаштагы аял, дагы бири 67 жаштагы эркек киши. Учурда Жети-Өгүз районунда 13 адам ооруканада дарыланып жатат.
"Азия Ньюс" гезити