Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүкүшүмдөн айрылып, балдарым менен томсоруп кала бердик

Гүкүшүмдөн айрылып, балдарым менен томсоруп кала бердик

23-январь, 19:16
1 337 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен ооруканага барсам, Гүкүшүм кете бериптир... Көрсө, өзүн колго алып, боюн түзөгөн тура, алтыным. Айтып жаткандары баары керээз турбайбы, мен аны түшүнбөй эле “биринчи өзүң жакшы болуп кет” деп койгом. Кичүү балам өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты, баарыбыз томсоруп кала бердик. Достун баркы ушундайда билинет экен, достор келип Гүкүшүмдү ак кийизге ороп, үйгө алып жөнөдүк. Кайненем 83тө эле, жер чапчып ыйласа жанында тура албайсың. Гүкүшүмдү кара жердин кучагына берип, балдарым менен кайыкты узаткандай томсоруп калып калдык. Кыркын өткөрүп, кичүү баламды алып, учуп кеттим. 

Биринчи күндөрү аябай эле жаман болуп жүрдүк, мен жумуш менен алаксып кетем. Балам болсо өзү жалгыз калып, апасынын сүрөтүн, буюмун карап ыйлай берет экен. Ага көрсөтпөй акырындан катып коюп жүрдүм. «Өлгөндүн өз шору» дегендей, тирүүнүн күнү өтө берет тура. Билинбей бир жыл өтүптүр, баламды алып барып келдим. Апам да бизди аяп, “үйлөн, балаң экөөңө оор эле болот” деп кеңеш айтты. Уккум да келген жок. Эстелигине буюртма бергем. Туулган күнүндө гүл кармап түшкөн сүрөтүн бергем, ошону бүтүрүп коюп кетмекмин. Өзү да гүлгө окшоп бажырайып түшкөн эле. Көргөн сайын жүрөк тилинет. Каңырыгым түтөп, күндө мүрзөсүнө келип боздоп ыйлап алам. Эстелиги бүттү. Койгон күнү келсем, элеси таш болуп катып калган, көздөрүндө күлүп турса да нур жок. Өзүмдү кармай албай, тизелеп отуруп алып бакырып ыйлап алдым. Мени көргөн уулум да ыйлап алган, чачтары сербейип мени эле карайт, боорум ооруду. Ошол күндөн тарта өзүмдү колго алдым.


Акылбек  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер