Акыркы кабарлар
» Саясат » Мариповдун интригасына кабылган Гаипкулов БШКнын төрагасын мелжегенде
Мариповдун интригасына кабылган Гаипкулов БШКнын төрагасын мелжегенде
25-июнь, 13:13
2 130 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эл көзүнө Улукбек Марипов иштеп аткандай түр көрсөтүп, окшошпосо да патриот кейиптенгени көптөрдүн күлкүсүн келтирет. Тымпыйып жүрүп алып интригага жакын экени да талкууда. Президенттик аппаратта Искендер Гаипкуловдун иштеп атканын көрө албай, жогору жакка улам тескери сөздөн былгыта берип, акыры жумуштан алдырып тынганы кандай? Бул боюнча ал санаалаштарына арманын айтып, Мариповго тиш кайрап жүргөнүн эшиттик. Натыйжада, эмне кылат? Жакында БШК төрагалыгын шайлоо убактысы келет. Мына ушул “майлуу” кызматка Искендер Гаипкулов шилекейин агызып, утуп чыгууну көздөп атканы каңкууланды. Ак жол! Медет Садыркуловдун шакирти жерде калбас эле, эми да жогорку креслону минип калгысы бардыр. Анан миллиондорду күрөйбү?..
"Азия Ньюс" гезити