Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Алымбаева: «Шайлоодон кийин Бишкекте массалык протесттер болбойт»

Аида Алымбаева: «Шайлоодон кийин Бишкекте массалык протесттер болбойт»

13-ноябрь, 18:30
1 376 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ушул күндөрү Жогорку Кеңешке шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатат, партиялардын, жеке талапкерлердин агитациясы кандай башталды?

-- Мурдагы шайлоолордогу үгүт иштерине салыштырмалуу административдик ресурс азыраак, акча таратуулар дагы байкала элек. Бирок талапкерлер добуш сатып алууларды шайлоого саналуу күндөр калганда башташчу. Бир четинен бир мандаттуу округдан талапкерлер аттангангабы, айтор, партиялардын активдүүлүгү аз болуп жаткандай. Массалык эл чогултуу, концерт уюштуруулар жок болгонго, азыркы мезгилде мыйзам бузуулар дагы көп эмес. Себеби партиялар админресурстарды колдонуудан коркуп турушат, экинчиден, парламент мурдагыдай күчтүү болбойт. Ошондуктан азыр президенттин Жогорку Кеңештин шайлоосуна аралашуусуна негиз жок. Атамбаев менен Жээнбековдун учурунда парламенттин ыйгарым укуктары көбүрөөк болгонуна байланыштуу алар өздөрүнүн партиясын алып келүүгө далалат кылышкан. Ушул себептен президент административдик ресурсту колдонгон жок, өзүнүн партиясы да барган жок. 

-- «Парламенттин мурдагыдай күчү жок» делгени менен шайлоого катышкандардын саны көп болуп жатпайбы?

-- Ооба, партиялар бийликке келүүнү каалашат, анткени шайлоо төрт жылда бир өтөт. Алар дагы төрт жыл күтүп отургулары келишпейт, кандай гана жол менен болбосун бийликке келүүнүн жолун издешет. Мунун баардыгы шайлоого бир же эки жума калганда билинип баштайт. Азырынча электораттары жана чакан жолугушуулар менен чектелишүүдө. Көпчүлүк учурда одоно мыйзам бузуулар шайлоо күнү, шайлоого бир-эки күн калганда болот. Ырчылардын коштоосунда концерт өткөрүү, жер жайнаган агитаторлорду жалдоого дагы чектөө киргени жакшы болду. Буга чейинки шайлоолордо концерт, шоуларды көрдүк, алар жакшы нерсеге деле алып келбейт. Ысырапкорчулук. Азыр чоң жолугушуулардын деле керек жок, интернет өнүккөн заманда программаны социалдык тармактар аркылуу таратууга мүмкүн, Ютуб бар. Телеканалдарда дебаттарга чыгышат. Ушундай ыкманы гана колдонуу алда канча үнөмдүү, жеткиликтүү жана убакытты коротпогонго негиз түзөт. Тескерисинче, азыр өзүн тааныштырууда талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрү эбегейсиз. Ар бир шайлоочунун колунда телефон, интернети бар. Түз эфирлер уюштурулууда. Учурунда масштабдуу концерт өткөргөн акчалуу партиялардын деле добуш ала албай калган учурларын көрбөдүкпү. Бул партиялардын ортосунда атаандаштыкты, бири-бирине карата эрегишти гана күчөтчү. Ушундай чектөөлөрдүн киргизилгенине абдан кубандым. 

-- Шайлоодон кийинки абалды кандай баамдайсыз?

-- Административдик ресурс колдонулбаса, одоно мыйзам бузуулар болбосо, менимче, жарандар анчалык көп чогулбай, катуу нааразычылык акциялары болбойт деле. Бир мандаттуу округдан өтпөй калгандар тарабынан же ушул сыяктуу локалдуу нааразычылыктар орун алышы ыктымал. Бишкекте массалык протесттер болбойт. Анткени бийликтин партиясы катышкан жок, президент Садыр Жапаров шайлоого аралашууга кызыкдар эмес. Бийлик колунда турса дагы башка партияга инвестиция жасап, элге жаман көрүнүп эмне кылат? Эл экономикалык жана электр энергиясындагы кризистен улам гана жазында чыгышы мүмкүн. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер